Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кызматынан бошотулду

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Эркинбек Чодуев
Министр сельского хозяйства, пищевой промышленности и мелиорации Эркинбек Чодуев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Чодуев Айыл чарба министрлигин 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, аталган жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

"КР Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө "КР өкмөтү жөнүндө", КР конституциялык мыйзамдын 24-беренесинин 1-4-бөлүгүнө ылайык, Чодуев Эркинбек Урайымовичтин кызматтан кетүү жөнүндөгү өтүнүчү кабыл алынып, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта. 

Памир Асанов ИИМ башчысынын орун басарлыгынан кетти. Ордуна ким келди

Чодуев Айыл чарба министрлигин 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0