Нариман Түлеев кызматтан кетип, мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткара баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция мэра Бишкека Азиза Суракматова и Наримана Тюлеева
Пресс-конференция мэра Бишкека Азиза Суракматова и Наримана Тюлеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Бишкек шаардык мэриясынын алдына Нариман Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыккан.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Түлеев биринчи вице-мэрлик кызматтан кетүү үчүн арыз жазып, билдирүү тараткан. Анын айтымында, мэрдин ордун талашкандардын арасында күмөн санаткан ар кандай топтор бар экен.

"Алардын айрымдары колу тийгенге чейин барып жатышты. Керек болcо элди өз ара кайраштырып коюуга даяр экен. Биз, Садыр Жапаров экөөбүз, шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууга акыбыз жок экенин түшүнүп, мен иштен кетишим керек деп чечтим", — деп айтылат кайрылууда.

Абакта "авторитет" болгон. Бишкек мэрлигине кайра келген Түлеев жөнүндө 7 факты

Ошондой эле билдирүүдө мэрдин милдетин мындан ары вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарары айтылат.

Эске салсак, 21-октябрь күнү Бишкек шаардык мэриясынын алдына Нариман Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен

Жаңылыктар түрмөгү
0