Финансы полициясы экс-министр Жээнбаеваны суракка чакырды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаМурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева. Архив
Мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбаева Соттук өкүлчүлүк борборундагы каражаттардын максатсыз корогонуна байланыштуу жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында суракка алынмакчы.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бүгүн, 22-октябрда, саат 14.00гө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына сурак берүү үчүн чакырылды. Бул тууралуу Финансы полициясынын маалымат кызматы билдирди.

"Жээнбаева Соттук өкүлчүлүк борборундагы каражаттардын максатсыз корогонуна байланыштуу жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында суракка алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Бактыгүл Жээнбаева Финансы министрлигин 2018-жылдын декабрь айынан 2020-жылдын октябрына чейин жетектеди.

Жаңылыктар түрмөгү
0