Садыр Жапаров: "Манас" аэропортунун жаңы жетекчиси кызматынан кетмей болду

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша"Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын төрагасы болуп дайындалган Бактыбек Сыдыков. Архив
Манас эл аралык аэропорту ААКтын төрагасы болуп дайындалган Бактыбек Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыдыков "Манас" эл аралык аэропортуна жетекчи болуп жаңы эле дайындалган. Ал ага чейин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты эле.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын төрагасы болуп дайындалган Бактыбек Сыдыков кетмей болду. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров КТРК телеканалына маек берип жатып айткан.

Түз эфир учурунда журналист Жапаровго "Манас" эл аралык аэропортуна Бактыбек Сыдыков келди. Бул киши аталган кызматта мурда да иштеп кеткен. Анын атасы көпчүлүккө таанымал саясатчы Үсөн Сыдыков. Бул дайындоого сиздин катыштыгыңыз барбы?" деген суроо узаткан.

"Манас" аэропортунун жетекчисин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду дайындайт. Мен койбойм. Алар бул кызматка Бакыт Сыдыковду дайындаган экен.  Сыдыков менен да сүйлөштүм. "Биз жаштарды алып келели, мурдагылар кеткиле" деп сүйлөштүм. Келиштик. Ал дагы эртең кете турган болду. Кыскасы, эл нааразы болгон талапкерлерди кызматка койгон жокпуз. Мен дайындап жаткан айрым кадрларга да нааразы болгондор чыкса керек. Бирок кээ бир жетекчилерди шашылыш алмаштырууга туура келүүдө. Айрым жерлерде элди кагылышка чейин алып келген учурлар болууда. Мындай жайларда жетекчилердин ордун которуп жатабыз", — деди Жапаров.

Бактыбек Сыдыков "Манас" эл аралык аэропортуна жетекчи болуп жаңы эле дайындалган. Ал ага чейин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты эле. Ошондой эле белгилүү саясатчы Үсөн Сыдыковдун уулу.

Сыдыков 2005-2010-жылдары "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын коммерциялык иштер боюнча вице-президенти, башкаруучулугунун тѳрагасы болуп иштеген.

ЖКга жаңы депутат келди, мурдагысы "Манас" аэропортуна жетекчи болуп кетти

Бүгүн аэропорттун айрым кызматкерлери Сыдыковдун жетекчи болуп келишине нааразы болуп митинг уюштурушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0