Мурдагы тышкы иштер министри Айдарбеков президенттин кеңешчиси болду

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик аппараттан билдиришкендей, бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

"Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишкен натыйжаларын эске алуу менен кабыл алынды", — дешти аппараттан.

Ошондой эле бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналары белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0