Владимир Путин алгачкы жолу Кыргызстандагы абал тууралуу пикирин айтты

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып айтты.

"Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоолордун арты менен элдик толкундоо келет. Бул эмнеден кабар берет? Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл ич ара мамилени өзү калыпка салышы зарыл”, — деди Путин.

Токаев: Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кубанып жатам

Ошондой эле ал Россия Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн көп нерсе кылганын, кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты.

“Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз. Кыргызстанда абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам”, — деди Россия лидери.

Ошондой эле ал мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн элдери менен көптөгөн жылдар бою бир мамлекеттин алкагында жашагандыктан, ар тараптан жакындыктар бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0