Түлеев мэрияда кырдаал тынчыбаса кайра кызматка келип аларын эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция мэра Бишкека Азиза Суракматова и Наримана Тюлеева
Пресс-конференция мэра Бишкека Азиза Суракматова и Наримана Тюлеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түлеев кечээ мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып, кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Нариман Түлеев айрым жарандардын кырдаалды туруксуздаштыруу аракетинен улам Бишкектин биринчи вице-мэри кызматынан кетүү боюнча жазган арызын кайра артка чакыртып алууга даяр экенин эскертип, Facebook баракчасына жазды.

Түлеев бийликтин символу жана институту орнотулганын сыйлап кызматтан кетүүгө арыз жазганын айтат. Бирок мэрияны күч менен басып алуу аракети дагы да токтобой жатканын белгиледи.

"Мен силерге кайрылам, күчүңөрдү сынап көргүңөр келеби? Анда 2021-жылдын 11-апрелиндеги шаардык кеңешке шайлоого катышкыла. Шаардыктарды сиздерге ишенүүгө ынандыргыла. Ошондо ким кимге канчалык ишенерин көрөбүз", — деди мэрдин мурдагы милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал биринчи вице-мэр кызматына толук мыйзамдуу негизде дайындалганын белгиледи.

"Азыр бул кызматка кимдир бирөөнү дайындоого эч кимге мыйзам жол бербейт. Укуктук коллизияга кептелдик, менин отставкамды мэр гана кабыл алат. Ал эми мэрдин милдетин аткаруучуну башка жактан алып келүүгө болбойт, жадагалса премьер-министрдин да укугу жок. Мен биринчи вице-мэр болгондуктан КРдин "Борбор калаанын макамы жөнүндө" мыйзамынын 27-беренесине ылайык мэрдин милдетин аткара алам. Иш жүзүндө менин арызым эч нерсени түшүндүрбөйт. Аны эч ким кабыл алаган жок. Бир гана шаардык кеңешти шайлоо, кийин мэрди дайындоо калаанын тагдырын чечет", — деп жазган Түлеев.

Ошондой эле ал эгер макулдашуулар сакталбай, мэриянын кызматкерлерине басым жасоо токтобосо, пандемия учурунда кырдаал оорлошуп жатканына карабай басып алууну каалагандар шаарды беймаза кылууну уланта берсе, биринчи вице-мэр катары кызматкерлердин коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого милдеттүү экенин белгиледи.

Эске салсак, 20-октябрда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган. Көп өтпөй мэр Азиз Суракматов кызматтан кетип жатканын жар салып, анын милдети Түлеевге жүктөлгөн.

Бирок 21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен.

Анын эртеси Наримин Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0