Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүСитуация в Бишкеке
Ситуация в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткандан кийин бул кызматты премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаров аркалап калган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров чет өлкөгө болгон алгачкы сапарын Россияга жасайт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдиргенин Sputnik радиосу жазды.

"Биз чет өлкөгө чыгуу маселесин көп талкуулайбыз. Айрым мамлекеттерден чакыруу түштү. Бирок биз үчүн, албетте, Россия артыкчылыктуу мамлекет болуп саналат", — деди Казакбаев.

Министр бул тема Россия ТИМ башчысы Сергей Лавров, ошондой эле РФ президентинин администрациясы менен талкууланганын кошумчалаган. 

Казакбаев: Россия Кыргызстандын союздашы болуп келген жана боло берет

Эскерте кетсек, Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин талабынан улам отставкага кеткенин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирген. ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткандан кийин бул кызматты премьер-министр болуп бекиген Садыр Жапаров аркалап калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0