Садыр Жапаров Кочкорго иш сапары менен барды

Садыр Жапаров аймактарга жумушчу сапарын баштады. Алгач Кочкордо болду

2780
(жаңыланган 19:40 25.10.2020)
Президенттин милдетин аткаруучу жумушчу сапарынын жүрүшүндө өлкөгө инвестиция тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Местные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года
    Ага ылайык, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, долбоор менен таанышкан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, социалдык шаарча боло турчу жердин аянты үч гектарды түзөт
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Макет будущего проекта в рамках рабочей поездки и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область
    Ал жайга бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит салуу каралган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Местные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года
    Ошондой эле ар бири төрт кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Маалым болгондой, аталган долбоорду "Катар Чарити" кайрымдуулук уюму толугу менен каржылайт
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Флаги Кыргызстана и благотворительной организации Катар Чарити во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо. Курулуш иши 2022-жылга чейин бүтөрү айтылды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Местные жители во время рабочей поездка и. о. Президента Садыра Жапарова в Нарынскую область. 25 октября 2020 года
    Өкмөт башчы Катар мамлекетине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн рахматын айтып, аймактарды өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн негизги пландарынын бири экенин баса белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Курулуш иштери аймактагы бир катар көйгөйлөрдү чече турганы да айтылды. Алсак, жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыз болуп, жаш муунга заманбап технология камтылган мектепте окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Состоялась рабочая поездка исполняющего обязанности Президента, Премьер-министра Кыргызской Республики Садыра Жапарова в Кочкорский район Нарынской области. 25 октября 2020 года
    Мындан сырткары таза суу маселеси да чечилет
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 10
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусунун Кочкор районуна жумушчу сапары менен барды

Ага ылайык, өкмөт башчы иш сапарынын алкагында Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышып, долбоор менен таанышкан. 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев билдиргендей, социалдык шаарча боло турчу жердин аянты үч гектарды түзөт. Ал жайга бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит салуу каралган. Ошондой эле ар бири төрт кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат.

Маалым болгондой, аталган долбоорду "Катар Чарити" кайрымдуулук уюму толугу менен каржылайт. Максаты — аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоо. Курулуш иши 2022-жылга чейин бүтөрү айтылды.

Өкмөт башчы Катар мамлекетине көрсөтүп жаткан жардамы үчүн рахматын айтып, аймактарды өнүктүрүү кыргыз өкмөтүнүн негизги пландарынын бири экенин баса белгилеген.

"Бул менин аймактарга болгон алгачкы иш сапарым. Айыл жергесине мындай объектинин курулушу – бул жаратман процесс, жеке мен үчүн да маанилүү болуп саналат", — деди Жапаров.

Курулуш иштери аймактагы бир катар көйгөйлөрдү чече турганы да айтылды. Алсак, жергиликтүү жашоочулар жумуш менен камсыз болуп, жаш муунга заманбап технология камтылган мектепте окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан сырткары, таза суу маселеси да чечилет.

Садыр Жапаров өлкөгө инвестиция тартуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай турганын айткан.

"Долбоордун негиздөөчүлөрү уруксат документтерин алыш үчүн жарым жыл убакыт керектелген экен. Аталган долбоордон пайда табуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жаралган. Биз мындай бут тосууларга эми жол бербейбиз. Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык", — деди өкмөт башчы.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Жапаров Катар мамлекетинин элчилигине эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктаарын белгилеген.

2780
Белгилер:
курулуш, Катар, иш сапар, Кочкор, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет
Армениянын чек арасын жанындагы талкаланган шаар. Архив

Армениядагы чек ара жаңжалы: ЖККУ кийлигишер кезби?

49
(жаңыланган 23:29 16.05.2021)
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аймагындагы улам чыгып калып жаткан чек ара жаңжалы – чоң согуштун тутанышына себеп эмес.

Бул өңдүү көйгөйлөр эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү, дипломатиялык жөнгө салууну, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ), Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму (ЖККУ) же Түндүк атлантикалык келишим уюмунун (НАТО) потенциалын пайдаланбастан кадыресе делимитация же демаркацияны талап кылат. Ушундай ойду карманган аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар Армениядагы абалга токтолгон.

Армения Республикасынын Сүник облусундагы ок атуусуз чек ара жаңжалы чындап технологиялык мүнөздө, ошондуктан саясий билдирүүлөр менен кырдаалды жасалма түрдө козутууга болбойт.

Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 12-майда таң эрте: "Азербайжандын Куралдуу күчтөрү "чек араны тактоо" шылтоосу менен чек ара тилкелеринин биринде иштерди жүргүзүүгө аракет кылышкан. Армениялык күч бөлүктөрү тарабынан көрүлгөн чаралардан соң азербайжандык аскерлер бул ишти токтотушкан". Ошондон кийин дароо жагдайды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян Сүник облусундагы абалга байланыштуу ЖККУга расмий кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алганын маалымдады. Андан мурунку күнү эле ал Азербайжан аскердик күчтөрү 12-майда чек арадан өтүп, Кара көлдү курчоо аракетинде армениялык аймакка 3,5 чакырым аралык кирип келгендигин билдирген.

Бул боюнча Азербайжан тарап да үн катпай койгон жок. "2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган үч тараптуу билдирүүгө ылайык, аба ырайынын жакшырышы менен азербайжандык чек ара күчтөрү Армения менен чектешкен татаал тоолуу рельеф жана климаттык шарттары бар Лачин жана Көлбажар райондорунда Азербайжан позициясында жайгаштырылат. Процесс кадимки режимде жана системалуу жүргүзүлүүдө", — деп айтылган Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян теледеги мурдагы күнкү маегинде: "Армениянын аймагынан азербайжандык аскерлерди али чыгарта албадык. Коопсуздук кеңешинин жыйынында биз ЖККУга кайрылууну чечип, бул процессти баштадык".

ЖККУдагылар Армениянын Сүник облусунун чек арага жакын райондорундагы абалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда. Ошону менен бирге эле: "Жагдайга жараша зарылдыгы чыкса Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин жана ЖККУнун Уставынын жоболорунда каралган чаралар көрүлөт".

Азербайжан Тышкы иштер министрлиги 13-майда аталган аймактагы жалпы көрүнүштү мындайча сүрөттөдү: "Көз карандысыздыкты калыптандыргандан бери эки мамлекет белгилүү себептер менен мамлекеттик чек араларга ээ болгон эмес. Биз ушул тапта тараптардын ортосундагы келишпестик менен коштолгон татаал техникалык процесс жөнүндө кеп кылып турабыз". Бул билдирүүлөрдө согуштан кийинки чек аралар агрессияга алдыруу (ок атуулар) же Азербайжандын Арменияга карата кандайдыр бир территориялык дооматтары байкалбайт.

Технологиялык келишпестиктер – маанисиз деңгээлге чейин жеткирилбесе эле кадыресе процесс. 1991-жылы КМШ өлкөлөрүндө чек ара боюнча талаш маселелер ар кыл даражадагы ийгилик менен чечилип келген. Ошентсе да "талаш" маселелер кескин геосаясий кыймылдар жана кан төгүүгө арзыбайт. Бүгүнкү күндө Баку же Ереванда көйгөйдүн булагын издөөнүн кереги жок. Кавказдагы бул көйгөйдүн түбү Россия империясын СССРге трансформациялоонун жүрүшүнө барып такалат. Процесс саясий болуп саналат, советтик республикалардын чийилген чек аралары көбүнесе шарттуу жана мурдатан эле талаштуу. Россиянын революцияга чейинки "монолиттик" картасында улуттук республикалар болгон эмес, өлкө административдик жактан губерния жана облустарга бөлүнгөн. Тургундардын баары россиялык букаралыкка гана ээ болушкан.

Ырбаган учурларды мисал келтирүү үчүн өткөнгө терең үңүлүүнүн деле кереги жок. Жакындагы эле Тажикстан менен чек ара жаңжалынан улам Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрү 11-майда өз өлкөсүн ЖККУга катышууну кайра карап чыгууну сунуштаганы маалым. Дүйнөдө ушул жааттагы тажрыйбаларды карап көрсөк, НАТОдо Греция менен Түркиянын чек ара маселелери улам көтөрүлөт, бирок атлантикалык альянс тигил же бул тарапты бомбалоого белсенбейт. Эч кимиси НАТОдон чыгып кетүүгө кам урбайт.

Кавказда жагдай жеңил эмес. Армения – ЖККУга мүчө, Азербайжан бул уюмга кирбейт. Ошентсе да Баку менен Еревандын чек ара боюнча бул (бир да ок атылбаган) талаш кырдаалында жаңжалдашкан тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн улам (Россиянын катышуусундагы) агрессия, аннексия тууралуу катуу кыйкырып, анан да ЖККУ боюнча союздаштарына дээрлик шантаж кылуу натуура.

Азыр Арменияны эч ким аскердик кол салуу менен коркуткан жери жок. Россиялык чек арачылар макулдашууларга ылайык Сүник облусундагы автожолдун көйгөйлүү тилкелериндеги (Горис – Давид Бек жана Горис – Капан) кыймылдын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоодо. Азербайжандык күчтөрдүн бул багытта кандайдыр бир өтүп кетишин элестетүү да дээрлик мүмкүн эмес.

Мурдараак Армения ТИМи Ереван менен Баку россиялык чек арачылар жайгашканга чейин мурда таанылбаган Тоолуу Карабах республикасына кирген жана Армения менен чектешкен бир катар аймактардын Азербайжандын карамагына өткөндөн кийинки чек ара тилкелерин демаркациялоо үчүн убактылуу аскердик позицияларды жайгаштырууну такташышкан.

Демаркациялоо жүрүп жатат. Чиеленишкен чек ара маселелери оор чечилет, уй мүйүз тарта отуруп сүйлөшүү менен кылдат жөнгө салууну, кыйла интеллектуалдык аракеттерди талап кылат. Кара көлдөгү абалды жөнгө салуу үчүн дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдүн да, ЖККУнун күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен күч операцияларынын да түк  кереги жок.

Жамааттык коопсуздук келишимдин 2-беренесине ылайык: "Мамлекет-катышуучулар алардын кызыкчылыгына тиешелүү эл аралык коопсуздуктун бардык маанилүү маселелери боюнча бири-бири менен кеңешип, позицияларын макулдашышат.

Катышуучу мамлекеттердин биринин же бир нечесинин коопсуздугуна, территориялык бүтүндүгүнө жана суверенитетине коркунуч туулса же эл аралык тынчтыкка кооптуулук жаралса, мамлекет-катышуучулар өз позицияларын координациялоо жана коркунучту жоюуга чара көрүү максатында биргелешкен консультациялар механизмин кечиктирбестен кыймылга келтирет".

Чек араны демаркациялоо жагдайында эл аралык же Армениянын тынчтыгына реалдуу кооптуулук туулган жок. Андай эмес деп далилдөө (ЖККУнун консультацияларында жана бөлөк сүйлөшүү аянтчаларында) кыйын болот.

БУУнун аныктамасына ылайык, "бир мамлекет тарабынан башка бир өлкөнүн суверенитетине, территориялык кол тийбестигине же саясий көз карандысыздыгына каршы куралдуу күч колдонуу" агрессия болуп саналат. БУУнун Коопсуздук кеңеши да Сүник облусундагы Азербайжан агрессиясын байкаганы жок.

49
Белгилер:
ЖККУ, Жаңжал, чек ара, Армения
Тема боюнча
Америкалыктар Россияга "афган бомбасын" таштаганы турабы?
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И. Архив

Кытайдын ТИМ башчысы Афганистандан аскерлерин чыгарып кеткен АКШны сындады

164
Ван И афган маселесинде Пакистандын таасири маанилүү экенин айтып, Афганистанда тынчтык орнотууда Пакистандын аракетин Пекин жогору баалай турганын кошумчалаган.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Америкалыктардын Афганистандан аскерлерин шашылыш түрдө чыгарып кетүүсү өлкө ичиндеги тынчтыкка олуттуу сокку болду. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Пакистандын ТИМ башчысы Шах Мехмуд Куреши менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып айтканын РИА Новости жазды.

Ван И Кытай Бириккен Улуттар Уюму бул кырдаалда маанилүү роль ойнойт деп күтүп жатканын айтып, ал эми Шанхай кызматташтык уюму маселени жакшылап карап чыгышы керектигине токтолгон.

Ал Афганистанга коңшу мамлекеттер өз ара кызматташуусун күчөтүп, бир фронт катары чыгыш керектигин да белгилеген.

Ван И афган маселесинде Пакистандын таасири маанилүү экенин айтып, Афганистанда тынчтык орнотууда Пакистандын аракетин Пекин жогору баалай турганын кошумчалаган.

"Азыркы кырдаалда Кытай менен Пакистан стратегиялык координацияны бекемдөөнү улантып, Афганистандагы кырдаалды тынчытууга активдүү таасир этүүсү шарт. Ошондой эле аймактагы тынчтык менен туруктуулукту биргелешип колдошу керек", — деген Кытайдын ТИМ башчысы.

АКШ Ак үйү Афганистандан америкалык аскерлердин 11-сентябрда чыгарыларын маалымдаган эле. Бирок талибдер АКШнын аскердик күчтөрүн 1-майга чейин чыгып кетүүсүн (2020-жылдын 29-февралындагы Дохада кол коюлган макулдашуунун шарттарына ылайык) кескин талап кылган. Америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал улам курчуп, талибдер провинциялардын бир тобун, анын ичинде түндүк тарабын да көзөмөлдөөдө.

164
Белгилер:
АКШ, телефон, кырдаал, Талибан, Кытай, Пакистан, Афганистан
Тема боюнча
Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп