Садыр Жапаров: Исхак Раззаковдун жолун жолдоп таза иштеп берейин деп келдим

Жазылуу
Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленди. Премьер-министр  кыргызстандыктарга куттуктоо сөзү менен кайрылды.

БИШКЕК, 25-окт. – Sputnik. Исхак Раззаковдун "Сен таза болсоң, мен таза болсом коом да таза болот!" деп айткан сөзү бүгүнкү күндө дагы өз салмагын жоготпой, учурдун талабы болуп турат. Мен да бул улуу инсандын жолун жолдоп, элимдин, өлкөмдүн келечеги үчүн ак эмгегим менен таза иштеп берейин деп келдим. Менин максатым - Кыргызстанды коррупциядан арылтып, жакынкы келечекте анын гүлдөп-өсүшүн камсыз кылуу. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Исхак Раззаковдун атактуу жана азаптуу өмүрү. Залкар ишмер тууралуу 20 факты

Белгилей кетсек, бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленди. Премьер-министр  кыргызстандыктарга куттуктоо сөзү менен кайрылды.

“Баарыңыздарды бул улуу даталуу күн – Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы менен чын ниетимен куттуктаймын! Бул биз үчүн маанилүү дата. Исхак Раззаковдун Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бекемделишинде орду зор. Ал Кыргызстандын экономикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Социалисттик чарбанын, пландоо тармагынын мыкты адиси эле. Ал мезгилде кадрларды даярдоочу окуу жайлар Кыргызстанда жок болчу. Баары Москва же башка борбордук окуу жайлардан билим алып келишкен. Анын кадрлардын жетишсиздигин жоюу аракети менен борбордук окуу жайларында улуттук кадрларга арналган атайын квота маселеси чечилип, республиканын өзүндө илимий мекемелер, тийиштүү жогорку окуу жайлар ачылган. Мына ошондон тарта өнөр жай тармагындагы тиешелүү кадрдык таңсыктык жоюлган”, - деди Жапаров.

Өкмөт башчы Раззаковдун тушунда жогорку жана орто окуу жайлары арбын ачылып, кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнгөнүн, окуучуларга ысык тамак берүү уюштурулганын белгиледи.

“Исхак Раззаков сыяктуу улуулардын урпактар үчүн өтөгөн ак кызматын өзүбүздүн иштиктүү аракетибиз, атуулдук ариетибиз, сергек акыл-эсибиз аркылуу актоого тийишпиз. Анын ташка тамга баскандай айтып кеткен учкул сөздөрүн бүгүн да туу тутуп, келечеги кең өлкөбүз – Кыргызстаныбыз үчүн таза иштеп берүүгө сөз беребиз. Бул улуу инсандын жашап өткөн өмүр жолу бизге – баарыбызга чоң күч-кубат берет деп ишенемин. Исхак атабыздын бизге багыт берчү сөздөрү баарыбызга дем берип, ар дайым эсибизде болсун”, - деди Жапаров.

Ал ошондой эле жарандарды Раззаковдун жолун улоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0