Шайлоо участкасы. Архивдик сүрөт

БШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине даттанат

188
(жаңыланган 14:28 26.10.2020)
Конституция боюнча, парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү эки айдын аралыгында уюштуруу шарт. Бирок Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдырып салган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине каршы даттанат. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Боршайком Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү күнүн 20-декабрга белгилеген. Бирок Бишкек шаардык административдик соту 24-октябрда БШКнын ал токтомун жокко чыгарып салган.

"Учурда кийинки инстанцияга даттануу боюнча документтер даярдалып жатат", — деп билдиришти маалымат кызматтан.

Садыр Жапаров эки шайлоо тең март айына чейин бүтүп каларын айтты

Конституция боюнча, парламенттик шайлоону кайра өткөрүү эки айдын аралыгында уюштурулушу шарт. Бирок Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алган. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон.

Ал арада парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 48ге жетти.

188
Белгилер:
БШК, кайрылуу, сот, мөөнөт, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо (31)
Тема боюнча
ИИМ БШКны кандай негизде тинтип, текшерип жатканын түшүндүрүп берди
БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгиледи
Жогорку Кеңештин залы. Архив

Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы

153
(жаңыланган 22:31 03.12.2020)
Депутаттардын бир тобу эл парламенттин же президенттин башкаруусунда болууну өзү чечсин деген пикирде. Себеби баары бир президент башкарып алат экен дешет. Экинчи тарап жаңы Конституция менен эле кошо керемет жашоо келбей турганын эскертүүдө.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңеште мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн рефрендум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Аталган документтин автору депутат Акылбек Жапаров экени белгилүү болду. Ал жазында экс-депутат, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушев демилгелеген мыйзам долбоорун кайрадан алып чыккан. Ага ылайык, референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо өткөрүү сунушталууда. Элге президенттик же парламенттик башкарууну тандоо укугу берилет.

Аталган мыйзам долбооруна кворум болбой калгандыктан добуш берилген жок.

Талкуу учурунда депутаттар эки тарапка бөлүнүп талаш жаралды. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы эл өкүлдөрүнүн пикирин чогултту.

Депутат Жогорку Кенеша Сайдулла Нышанов на заседании парламента
© Фото / пресс-служба ЖК
Сайдулла Нышанов

Сайдулла Нышанов: президентти биз аңга түртөт экенбиз

— Ачык айтыш керек, буга чейинки президенттердин күнөөсү болушу мүмкүн. Бирок аны биз, Ак үй, Көк үйдө отургандар аңга түртөт экенбиз. "Мына укмуш болуп жатат, экономика өсүүдө, туура эмес сүйлөгөндөр мындай, боло берет" деп отуруп өзүбүз ушундай акыбалга келдик. Акылбек Үсөнбекович, сиз шашылбаңыз. Алгач президенттик менен парламенттик башкаруунун айырмачылык, артыкчылыктарын түшүндүрүп коюңуз. Кийин жеңилген тарап да чуу салбагандай болсун.

Депутат Жогорку Кенеша Бакыт Торобаев от фракции Онугуу — Прогресс. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бакыт Төрөбаев

Бакыт Төрөбаев: баары бир президент башкарат экен

— Бул жерде эч кандай коркунуч жок. Биз "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы Конституцияны өзгөртүүнү колдойбуз. Буга чейин президенттик, парламенттик башкаруу дегенибиз менен президент башкарып келбедиби. Айылдарга барганда көрүп жатабыз, эл саясаттын баарын билет. "Эл билбейт, түшүнбөйт" деген туура эмес. Андыктан өзүбүз эле чече бербей, тарыхта бир жолу элден сурап коёлу.

Депутат Жанар Акаев в госрезиденции Алар-Арча во время внеочередного заседания Жогорку Кенеша
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жанар Акаев

Жанар Акаев: керемет күткөн элибизди алдабайлы

— Туура, айылдарга барсак президенттик башкаруу болуп бир адам жооп бериши керек деп жатат. Бирок биз чындыкты айтпай жатабыз, элибиз азыр жаңы келген бийликтен бир керемет күтүп, ушул Конституция кабыл алынса эле Кыргызстанда түп тамыры менен адилеттүүлүк орноп, чоң өзгөрүүлөр болот деп жатпайбы. Ачыгын айтыш керек, андай болбойт! Азыркы Баш мыйзам менен деле мыкты иштесе болмок. Ошондуктан биз байкуш элди алдабай туурасын айтышыбыз керек.

Ушул эле парламент 2017-жылы Атамбаевдин тушунда Конституцияны өзгөртүүгө макул болуп, кабыл алынса эле бейиш болот деп убада бергенбиз да. Бирок андай болгон жок. Президент болом деген кишини тегеректеп жүргөндөр туура жолго багыттасаңар. Элибиз кайра тополоңду, ыңкылапты көтөрө албайт. Жакшы иштер болсо биз деле колдойбуз, азыркы мыйзамды ууруларча бекинип, регламентти бузуп кабыл алганыбыз туура эмес. Буга парламенттик-президенттик деген аралаш системаны дагы кошуп коюуну сунуштайм.

Депутат ЖК Нурбек Алимбеков на заседании Жогорку Кенеша 28 мая 2020 года
© Фото / Пресс-служба ЖК
Нурбек Алимбеков

Нурбек Алимбеков: мыйзамды үч окуудан тезирээк өткөрөлү

— Ушул чыгып жаткан мыйзам туура деп ойлойм. Биз келечектеги жолубузду тандап алышыбыз шарт. Президентте эч кандай жоопкерчилик болбогону үчүн премьер-министрибиз тез-тез алмашып жатты. Андыктан үч окуудан тезирээк өткөрөлү. Эки тарап тең шайлоочуларына барып президенттик система ушундай, парламенттик мындай деп түшүндүрсүн. Анан жыйынтыгын көрөбүз. Бул референдум өткөнгө чейин Конституциялык кеңешме ишин токтотуп турушу керек.

 Депутат от фракции СДПК Дастан Бекешев на заседании Жогорку Кенеша
Дастан Бекешев

Дастан Бекешев: саясатчы элге жарык жол көрсөтүшү керек

— Акылбек Үсөнбекович, сиз мурда Курманкул Зулушев коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоорун алып чыгып алыпсыз. Рейдерлик басып алуу сыяктуу бирөөнүн мыйзамына автор болуп жатасыз. Негизи мындай референдум болбошу керек. "Бизге башкаруу формасын тандап бергиле" деп саясатчылар жоопкерчиликтен качып элге жүктөп жатат. Парламентаризмде премьер-министр күчтүү, президенттей эле укуктарга ээ болорун көпчүлүк билбейт. Чынында биз парламенттик башкарууну көрө элекпиз. Бирок ушундайда саясатчылар элге жарык жолду көрсөтүп, жол башташы керек эле.

Депутат Жогорку Кенеша Наталья Никитенко на круглом столе
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Наталья Никитенко

Наталья Никитенко: пайдасы менен кесепетин айтышыбыз керек

— Бул мыйзамды кароодо комитетте кворум болбой, оозеки түрүндө кол чогултулган. Өлкө тагдырын чече турган мыйзамды ушундай жол менен шашып кабыл алганы кандай? Эл өзү тандап алат деп жатышат. Бирок ошол элге оң-терс жактарын, пайдасы менен кесепетин дагы айтышыбыз керек. Кайсы системада кандай болорун эл түшүнүп алсын да.

Депутат Акылбек Жапаров на заседании Жогорку Кенеша. Архивное фото
© Фото / пресс-служба ЖК
Акылбек Жапаров

Акылбек Жапаров: президенттик башкаруу менен жакырчылыктан чыгууга үмүт бар

— Конституцияны бийликтин негизги булагы болгон элдин талабына ылайык келтиришибиз керек. Референдумда эл кайсы башкарууну тандаса ошого макул болуп, көчө башаламандыгын, саясий жалааны уюштурбай оюндун эрежесин жазып, андан ары ошону менен жашашыбыз зарыл. Президент артыкчылыктарды алып аткаруу бийлигинин башында турса, туруктуулук пайда болуп, акыры жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз деген үмүт бар.

Референдум президенттик шайлоо менен кошо өтсө бюллетенге эле 4,5 миллион сом кетет. Мунун менен каражат дагы үнөмдөлүүдө.

Жапаровдун айтымында, референдумда башкаруу системасы аныкталса, жаңы Конституция ошого жараша жазылат. Ал даяр болгондон кийин апрель айында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен бирге дагы референдум өткөрүү пландалууда. Ал эми парламенттик шайлоо 2021-жылдын октябрь айына чейин жылдырылышы ыктымал.

153
Белгилер:
мыйзам долбоору, эл, тандоо, депутат, референдум, Акылбек Жапаров
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
"Атаңа, энеңе бар" кылбайлы. Депутат Ормонов референдумду тездетүүгө чакырды
Президент ажыдаар болуп кетпеши үчүн 4 органды парламентке берүү сунушталды
Портфель менен киши. Архив

Президенттикке талапкер дагы 6 киши миллион сомдук күрөө төктү. Тизме

186
(жаңыланган 19:22 03.12.2020)
Кыргызстандын президенттигине талапкерлер шайлоо күрөөсүн жана кол коюлган барактарды бүгүн түн ортосуна чейин тапшырышы керек.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 17:00гө карата 20 талапкер бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн төктү. Бул тууралуу БШК кабарлады.

Күрөөсүн төккөн талапкерлердин тизмеси:

  • Касенов Аймен Абдыталипович;
  • Тольбаев Бабыржан Латиханович;
  • Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
  • Жапаров Садыр Нургожоевич;
  • Жээнбеков Равшан Бабырбекович;
  • Тагаев Рашид Бакирович;
  • Абакиров Эльдар Курманбекович;
  • Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович;
  • Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
  • Асанов Курсан Сатарович;
  • Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
  • Арстанбек Мыктыбек;
  • Сегизбаев Абдил Кеңешевич;
  • Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
  • Чороев Кубан Аманбекович;
  • Иманалиев Каныбек Капашович;
  • Ташов Имамидин Асамидинович;
  • Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
  • Исаев Канатбек Кедейканович;
  • Исабеков Кубанычбек Сатиндиевич.

Шайлоо күрөөсүн жана кол коюлган баракты тапшыра албагандардын саат 24:00гө чейин убактысы бар.

186
Белгилер:
тизме, күрөө, президенттик шайлоо, талапкер
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Парламенттик шайлоо 2021-жылдын күзүнө жылдырылары айтылды
Массалык мушташ. Архив

Түндө ЦУМда массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Милициянын видеосу

0
(жаңыланган 22:21 03.12.2020)
Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлүп, бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген. Бирок интернетте андан көп барганы айтылат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн, 3-декабрга караган түнү, Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанында массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

"Короче" Telegram-каналында ЦУМдун жанында милициянын тогуз унаасы өтүп бараткан видео жүктөлдү.

Бирок кайгуул кызматынын билдиргенине караганда, окуя болгон жерге үч экипаж гана жөнөтүлгөн.

"3-декабрга караган түнү саат 2:30да 102 кызматына ЦУМдун жанында массалык мушташ тууралуу кабар түшкөн. Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлгөн. Бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген", — деп айтылат маалыматта.

Мушташ токтотулуп, 15тей адам Свердлов райондук милициясына алып келинген. 

0
Белгилер:
унаа, милиция, мушташ, ЦУМ, Бишкек
Тема боюнча
Ош шаарында милиционер менен тургундар мушташа кетти. Видео