Балбак Түлөбаев президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келет

© пресс-служба мэрии города БишкекПрезиденттин иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Балбак Түлөбаев. Архив
Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Балбак Түлөбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин моралдык укугу жоктугун айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп Балбак Түлөбаев келет. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Түлөбаев өзү билдирди.

“Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеттим. Себеби мага башка жумуш сунушталды. Президенттин иш башкармалыгына бармай болдум”, - деди ал.

Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин моралдык укугу жоктугун айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган. Бирок анын отставкасын эч ким кабыл алган эмес.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

Эске салсак, мындан бир нече ай мурда, тагыраагы, 27-июлда, Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган эле. Ага чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп турган.

Түлөбаев 2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчиси жана биринчи орун басар болуп да иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0