Девушка голосует на избирательном участке в здании КРСУ в ходе голосования на выборах седьмого созыва ЖК

549 млн. сом. БШК президенттик шайлоого кетчү чыгымдын сметасын бекитти

102
(жаңыланган 18:50 26.10.2020)
Кыргызстанда президенттик шайлоону 10-январда өткөрүү белгиленген. Ага сарптала турган каражат эсептелип чыккан.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө кете турган чыгымдардын сметасын бекитти.

Ага ылайык, жаңы мамлекет башчыны шайлоого 549 миллион 161 миң 100 сом сарпталары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 10-январга дайындалган. 

Ал эми парламенттик шайлоого деп республикалык бюджеттен алгач 732 миллион сом каралган. Кийинчерээк БШК чыгымдарды оптималдаштырып 446,9 миллион сом менен өткөрсө болорун эсептеп чыккан.

102
Белгилер:
смета, чыгым, президенттик шайлоо, БШК
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (55)
Тема боюнча
Президент болом дегендер документтерин БШКга качан тапшырары такталды
Садыр Жапаров президенттик кызматын тапшырып, шайлоого катыша турганын айтты
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө. Архив

Күрөө тапшырып, 30 миңден ашуун кол чогулткан талапкерлер. Тизме

32
(жаңыланган 00:40 04.12.2020)
Шайлоо күрөөсү менен кол чогултулган кагаздарды тапшыруу мөөнөтү аяктады. БШК текшере турган тизме анык болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

  • Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
  • Адахан Мадумаров — 39 856;
  • Аймен Касенов — 46 270;
  • Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
  • Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
  • Бабыржан Төлбаев — 58 029;
  • Бактыбек Калмаматов — 35 300;
  • Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
  • Имамидин Ташов (саны белгисиз);
  • Канатбек Исаев (саны белгисиз);
  • Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
  • Клара Сооронкулова — 33 458;
  • Кубан Чороев — 39 053;
  • Курсан Асанов — 43 864;
  • Равшан Жээнбеков — 39 874;
  • Рашид Тагаев — 40 651;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
  • Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
  • Эльдар Абакиров — 43 630.

Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.

Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.

32
Белгилер:
талапкер, БШК, күрөө, кол, тизме, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (55)
Тема боюнча
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун видеоконференциясы

Министр Казакбаев АКШ элчиси менен сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду

28
(жаңыланган 23:43 03.12.2020)
Кыргызстандын тышкы иштер министри АКШ элчиси менен сүйлөштү. ТИМдин маалымат кызматы дипломаттар эмнелерди талкуулаганын айтып берди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун сүйлөшүүсүндө кыргыз тарап Америка элчилигинин өлкөдөгү окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанисин белгиледи. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун сүйлөшүүсүндө кыргыз тарап Америка элчилигинин өлкөдөгү окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанисин белгиледи
    Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун сүйлөшүүсүндө кыргыз тарап Америка элчилигинин өлкөдөгү окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанисин белгиледи
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Жолугушуу видео байланыш аркылуу өттү
    Жолугушуу видео байланыш аркылуу өттү
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун сүйлөшүүсүндө кыргыз тарап Америка элчилигинин өлкөдөгү окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанисин белгиледи

Жолугушуу видеобайланыш аркылуу өттү.

Дипломаттар өз ара пикир алышып, экономикалык кызматташтык, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коррупцияга каршы аракеттенүү, ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташуу маселелерине токтолду. Өлкөдө саясий системанын инклюзивдүүлүгүн андан ары өнүктүрүүгө, демократиялык институттарды жана мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган радикалдуу реформаларды жүргүзүү боюнча биргелешип аракеттенүү зарылдыгы тууралуу макулдашылды", — деп айтылат билдирмеде.

АКШ элчилиги Кыргызстандагы окуялар боюнча байма-бай комментарий берип турат. Жакында дипломатиялык өкүлчүлүк АКШ президенттикке талапкерлердин конституциялык реформа боюнча референдумду жазга же андан кийинкиге жылдыруу сунушун колдой тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан. Ошол эле учурда АКШ конституциялык реформа кандайча жүрүшү керектигин көрсөткөн.

28
Белгилер:
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, Дональд Лу, видеоконференция, жолугушуу, элчи, Руслан Казакбаев, ТИМ, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды