Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков

Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды

412
(жаңыланган 19:01 26.10.2020)
13-октябрь күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы түшкү саат 13:00гө чейин Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдун абакка өз ыктыярлары менен кайтып келишин күтүшкөн. Бирок экөө тең келген эмес.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу ЖАМКтан билдиришти.

  • Мэр Бишкека Албек Ибраимов
    Экс-мэр Албек Ибраимов
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
  • Архивное фото бывшего премьер-министра Сапара Исакова во время участия в заседании коллегии МВД КР
    Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Экс-мэр Албек Ибраимов

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү Ак үйдү алышкан. Кийин абактагы бир нече саясатчыны чыгарып кетишкен. Алардын арасында Сапар Исаков менен Албек Ибраимов да бар эле. Сапар Исаков буга чейин журналисттерге эркиндикке жети эле күнгө чыкканын билдирген.

“ЖАМК соттун чечимине жана тергөөчүнүн токтомуна таянып берилген мөөнөттө абакка кайтып келбегени үчүн Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыялады”, — дешти ЖАМКтан.

30 жыл полициядан качып жүргөн кишини эч ким издеген эмес. Кытайдагы окуя

Исаков менен Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ("Соттолгондордун абактын аймагынан чыгышы") ылайык, 13-октябрга чейин сыртта жүрүүгө уруксат берилген.

13-октябрь күнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы түшкү саат 13:00гө чейин Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдун абакка өз ыктыярлары менен кайтып келишин күтүшкөн. Бирок экөө тең келген эмес. Саясатчылардын каерде жүргөнү бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Буга байланыштуу издөө жарыяланды.

412
Белгилер:
издөө, Албек Ибраимов, Сапар Исаков, ЖАМК, Кыргызстан
Тема боюнча
Атамбаев ачкачылык жарыялады. Себеби
Өнөр жай, энергентика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Вероника Исаева. Архив

Вероника Исаева Өнөр жай мамлекеттик комитетинин төрага орун басары болду

50
(жаңыланган 09:31 27.11.2020)
Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон. Жаңы жетекчинин өнөр жай тармагында 15 жылдык тажрыйбасы бар.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Вероника Исаева Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон. Кечээ аны комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев эмгек жамаатка тааныштырган.

Вероника Исаева акыркы үч жылда жеке бизнесте өнөр жай долбоорлорун ишке ашырып келген. Жалпысынан бул тармакта 15 жылдык тажрыйбасы бар.

50
Белгилер:
дайындоо, кызмат, Кыргызстан
Тема боюнча
Ализа Солтонбекова министрлик ишине расмий киришти

Артем Новиков депутаттарга кыргыз тилинде сүйлөп кайрылды. Видео

402
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков депутаттардын алдында кыргыз тилинде билдирүү жасады.

Ал кечээ парламентке эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин тааныштырган. Новиков аны бул кызматка Садыр Жапаров премьер-министр болуп турган учурда сунуштаганын кыргыз тилинде айтты. Ошондой эле тийиштүү эки комитеттен жактырылганын белгилеген. Андан соң Солтонбекованын таржымалын орус тилинде баяндоого өттү.

Эске салсак, Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген. Кечээ парламентте министрлик кызматка талапкерлиги каралып, колдоо тапкан.

402
Белгилер:
Ализа Солтонбекова, кыргыз тили, Артем Новиков
Тема боюнча
Новиков Кыргызстан чет жактан канча карыз алып, кайда жумшаганын айтты
Парламент 2021-жылдын Республикалык бюджетин биринчи окуудан колдоду
Өкмөт 2021-жылы салык менен бажыдан канча акча чогултат? Долбоор
Ош шаары. Архив

Эртең менен Ошто жер титиреди

0
Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРдин Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

0
Белгилер:
ӨКМ, жер титирөө, Ош облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда катуу жер титиреди