Нариман Түлеев Бишкек мэриясын Балбак Түлөбаев жетектей турганын айтты

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Бишкек мэринин милдетин аткаруучу жаңы дайындалган Балбак Түлөбаев
Бишкек мэринин милдетин аткаруучу жаңы дайындалган Балбак Түлөбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбак Түлөбаев Азиз Суракматов мэр болуп турган кезде Бишкек муниципалитетинин аппаратын жетектеген. Июль айында ал Ысык-Көл облусуна өкмөттүн өкүлү болуп дайындалган болчу.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Балбак Түлөбаев келди. Бул тууралуу өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына биринчи вице-мэр Нариман Түлеев жазды.

"Достор, азыр эле Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев менен сүйлөштүм. Чындап эле бул чечим азыркы абал үчүн эң туура вариант болду деп эсептейм. Ал өзүн канчалык көрсөтө алат, силердин колуңарда. Шаардыктар унчукпай кала тургандардан эмес", — деп жазды Түлеев.

Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди

Ошондой эле ал дүйшөмбү күнү шаарга келип, отставкага кетерин кошучалады.

"Башынан эле ушундай пландалган. Биз ушуга чейин кылып келген аракеттин баары мыйзамдуу жыйынтыгын берди. Биз мэрияны коргоп кала алдык. Эми сарсанаа болбой кете берсем болот. Дүйшөмбү күнү шаарга келип, арызымды жазам", — деди биринчи вице-мэр.

Эске салсак, Балбак Түлөбаев Азиз Суракматов мэр болуп турган кезде Бишкек муниципалитетинин аппаратын жетектеген. Июль айында ал өкмөттүн  Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0