Бишкек шаарынын мэринин милддетин аткаруучу Балбак Түлөбаев. Архив

Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткара баштады

140
(жаңыланган 11:34 27.10.2020)
Калаа башчысынын орду көптөн бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жаңы башчыны жамаатка өкмөт аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тааныштырды.

Буга чейин ал өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетип, президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келгенин өзү кабарлаган.

Түлөбаев Бишкек шаардык кеңеши кайра шайлангыча, тагыраак айтканда, 2021-жылдын апрелине чейин мэрдин милдетин аткарат.

Калаа башчысынын орду көптөн бери талашта болчу. Азиз Суракматов өз каалоосу менен арызын жазып кеткенден кийин анын ордуна биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеев келген. Бирок анын бул кызматка келишине нааразы болгон эл мэриянын алдында митинг өткөрүп, жыйынтыгында Түлеев кетип, мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткара баштаган.

Бирок абал тынчыбагандыктан, Нариман Түлеев кызматтан кетүү боюнча арызын кайра кайтарып алган. Бишкек шаарынын мэриясы учурда калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептеле турганын билдирген.

Жанар Акаев Бишкек мэри болот деген маалыматты өзү төгүндөдү

Ага нааразы болгон топ 26-октябрда кайра мэриянын алдында митинг өткөргөн.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев буга чейин Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы болуп иштеп кеткен.

140
Белгилер:
Балбак Түлөбаев, кызмат, мэр, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Нариман Түлеев Бишкек мэриясын Балбак Түлөбаев жетектей турганын айтты
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди жана вице-премьер Максат Мамыткановду кабыл алды

Ак үйдө чек ара маселелери жана президенттик шайлоого даярдыктар талкууланды

118
(жаңыланган 12:30 28.11.2020)
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мамлекеттик органдар шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо керектигин айтты.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди жана вице-премьер Максат Мамыткановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда кошуна мамлекеттер менен чек ара жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана шайлоо алдында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чаралары талкууланды.

Рыскелди Мусаев республиканын чек ара аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер жана Чек ара кызматын УКМКнын курамына кошуу иш-чаралары боюнча маалымат берип, коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү иштери улантылып жатканын билдирди.

Рыскелди Мусаев шайлоо алдында укук коргоо органдарына коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

Вице-премьер Максат Мамытканов өлкө президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу боюнча Республикалык штабдын учурдагы жасап жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.

Ал өлкө аймактарында бир катар көчмө жыйындар өткөрүлгөнүн, жыйынтыгында жергиликтүү бийликтерге жана ишке тартылган мамлекеттик органдарга шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча тапшырмалар берилгенин билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоону уюштуруу, шайлоо учурунда коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү аракеттерин алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана мерчемделген бардык иш-чараларды өз убагында жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Талант Мамытов мамлекеттик органдар шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыздап, шайлоо мыйзамдары бузулган учурларга өз убагында чара көрүү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле жумушчу жыйындын жүрүшүндө ишкерлерди жана чет элдик инвесторлорду, жарандарды жумуш орундары менен камсыздаган ири ишканаларды коргоо маселелери көтөрүлдү.

Бизнес-коомчулугу жана инвесторлор менен өз ара байланышты күчөтүп, укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерден аларды коргоо жана деструктивдүү элементтердин кысым көрсөтүүлөрүнө жол бербөө зарылдыгы белгиленди.

118
Белгилер:
чек ара, шайлоо, Талант Мамытов
Тема боюнча
Талант Мамытов Улуттук энергохолдингдин жетекчисин кабыл алды
Президенттин ЖКдагы өкүлү Дыйканбаев иштен алынып, ордуна Калматов дайындалды
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

Жогорку Кеңеш 11,6 миллион сомго техника сатып алууну көздөп жатат

90
(жаңыланган 12:48 28.11.2020)
Тендердеги маалыматка караганда, Жогорку Кеңеш 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алууну пландоодо.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш жаңы ноутбуктарды жана жыйындар залына керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн 11,6 миллион сомго тендер жарыялады. Бул маалыматты парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова тастыктады.

"5-6-октябрь күнкү окуяларда Жогорку Кеңештин имаратындагы бардык техника, жабдуулар талкаланган. Алып кеткендер дагы болгон. Жыйындар залында депутаттардын алдында турган ноутбуктар, түз эфирди камсыздоочу мониторлор, серверлер жок кылынган. Ошонун баарын кайрадан алуу үчүн тендер жарыяланып, мамлекеттик сатып алуулар порталына илинди", — деди Куралбекова.

Тендердеги маалыматка караганда, Жогорку Кеңеш 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алууну пландап жатат.

Эске салсак, быйылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Айрымдары Жогорку Кеңештин имаратына кирип, талкалап, бир топ зыянга учураткан.

90
Белгилер:
ноутбук, тендер, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема боюнча
Орозбаев: Жогорку Кеңеш экинчи функциясын жакшы аткара албай келет
Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти

Бишкектин четинде эл ташыган маршрутка оодарылып калды. Видео

0
(жаңыланган 16:34 28.11.2020)
Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. Милициянын атайын тобу жеринде иштеп жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек милициясынан билдиришти.

Жол кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан микроавтобус саат 11:00дөр чамасында оодарылып кеткенин, ичинен адамдар чыгарылып жатканын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымында, жол тайгак болгондуктан айдоочу рулду башкара албай калган.

Милиция болсо азырынча так маалымат жок экенин, атайын топ жеринде иштеп жатканын кабарлады. Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. 

Тез жардам кызматы жерине унаа жиберилгенин, бирок жарандар ооруканага баруудан баш тарткандыктан кайра артка кайтканын маалымдады.

0
Белгилер:
милиция, маршрутка, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Талкаланып кеткен... Бишкек – Ош жолунда унаа кырсыгынан алты адам жабыркады