РФ элчиси россиялык ишкерлердин коопсуздугун камсыздоо маселесин көтөрдү

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВстреча Первого вице-премьер-министра с Послом России в Кыргызстане
Встреча Первого вице-премьер-министра с Послом России в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда дипломат Кыргызстандагы кырдаалга карабастан россиялык инвесторлор кыргыз рыногунда иштөөгө кызыкдар экенин айткан.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Новиков Россия ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык жана негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп кала берерин белгилеген.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Артём Новиков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту.
Биринчи вице-премьер Артём Новиков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Биринчи вице-премьер Артём Новиков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЖолугушууда Новиков Россия ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык жана негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп кала берерин белгилеген.
Жолугушууда Новиков Россия ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык жана негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп кала берерин белгилеген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жолугушууда Новиков Россия ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык жана негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп кала берерин белгилеген.
1/2
Биринчи вице-премьер Артём Новиков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту.
2/2
Жолугушууда Новиков Россия ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык жана негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп кала берерин белгилеген.
"Эки тараптуу жана көп тараптуу форматта мурда кабыл алынган бардык милдеттенмелерди жүзөгө ашырабыз. Кыргыз тарап эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтыкты уланта берет. Ошондой эле Евразия экономикалык интеграциясы жана КМШ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча жигердүү кызматташабыз", — деди Новиков.

Россиянын КРдеги элчиси өз кезегинде Новиковду биринчи вице-премьер болуп дайындалышы менен куттуктады.

"Кыргызстандагы кырдаалга карабастан россиялык инвесторлор кыргыз рыногунда иштөөгө кызыкдар. Маанилүү маселелердин бири — инвесторлорду, анын ичинде россиялык ишкерлерди мамлекеттик деңгээлде коргоо жана алардын өлкөдөгү коопсуздугун камсыз кылуу. Россия Кыргызстан үчүн союздаш деп эч күмөн санабай айта алам", — деди Удовиченко.

Кыргызстан "Кант" авиабазасын кеңейтүү сунушу түшсө карап чыгууга даяр

Тараптар Евразия экономикалык биримдигине кошулууда салык тутумун модернизациялоо жана маркалоо тутумун киргизүү боюнча сүйлөштү. Мындан сырткары, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу пикир алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0