Абактын кызматкери иш учурунда. Архив

Кызматтан кеткен Дүйшөбаев бүгүн-эртең Камчы Көлбаевдин бошотуларын болжоду

428
(жаңыланган 12:12 27.10.2020)
Отставкага кетери менен Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигине келген жаңы жетекчиликти сындады.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаевди бүгүн же эртең абактан бошотушу ыктымал. Бул туурасында бүгүн эртең менен Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан алынган Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди.

Отставкага кетери менен Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигине келген жаңы жетекчиликти сындады. Дүйшөбаевдин ордуна Рыскелди Мусаев дайындалды.

"Бир кримтөбөлдү кармоо үчүн чоң шоу уюштурушту. Бизге жеткен ыкчам маалыматтар боюнча, бүгүн же эртең сот бошотот. Болбосо аны камаш керек болчу. Эгер бошотпой койсо, криминал өлкөнүн жаңы жетекчилерине доомат коёт. Бирок күтө туруу керек, бул ыкчам маалымат. Ал такталган, ошол эле маалда такталбаган болуп калышы мүмкүн", — деди Дүйшөбаев.

Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатып 15-октябрда Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындаган.

Садыр Жапаров: УКМК Матраимовду камайын дегенде мен токтотуп калдым

Камчы Көлбаев Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү менен ("Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") ушул жылдын 22-октябрында Бишкектен кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, тергөө бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген.

428
Белгилер:
криминал, абак, бошотуу, Камчы Көлбаев, Кеңешбек Дүйшөбаев
Тема:
Камчы Көлбаевдин кармалышы (11)
Тема боюнча
Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео
Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды

Крымдан улам НАТО Россия армиясына тыюу салууга кыялданып келет

11
Йенс Столтенберг НАТО Россиянын кадамдарына карап, ага жооп иретинде Кара деңизге көбүрөөк күчүн жайгаштыра тургандыгын айтты. Бирок Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы аскердик блоктун күчтөрү Россиянын чек арасында эмне кылып жүргөндүгүн түшүндүргөн жок.

Андан сырткары, Россия эмне үчүн өзүнүн аймагын НАТО тараптан улам арбыган коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргобошу керек дегенге да жооп бере алган жок.

Акыркы учурда альянс тараптан Россия чек арасына жакын аймактарда көбөйүп кеткен агрессиялык аракеттер арбыгандыктан, Россия өзүнүн коопсуздугун камсыздаганга аргасыз.

11
Белгилер:
чагымчыл, чек ара, Крым, НАТО, Россия, АКШ
Тема боюнча
НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?
Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды
Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив

Артем Новиков Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди

60
(жаңыланган 19:04 04.12.2020)
Өлкөнүн башкы салыкчысынын сөгүш алышына "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы иштер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилгенин билдирди.

Анда Абдалиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленет.

Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Жакында эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго каарын төккөн. Анын ачуусун келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигече үкөктөн чыгарылбай турганы болгон.

Бирок кийин салык кызматы ал иштерге башка мамлекеттик органдар жооптуу экенин айтып билдирүү тараткан.

60
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, сөгүш, өкмөт
Тема боюнча
Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди