Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту.

Жапаров ТМККнын башкы катчысы Амреев менен жолугушту. Эмне кеп болду

63
(жаңыланган 12:43 27.10.2020)
Жолугушууда Амреев Түрк кеңешинин экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иши, ошондой эле уюмдун келечегин аныктаган "Түрк кеңеши — 2025" стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагында Түрк инвестициялык фонду түзүлүп, анын башкы кеңсеси Бишкекте болушу мүмкүн. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров аталган кеңештин башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушканда сөз болду.

  • Исполняющий обязанности Президента, Премьер-министр Кыргызской Республики Садыр Жапаров встретился с Генеральным секретарем Совета сотрудничества тюркоязычных государств Багдадом Амреевым. 27 октября 2020 года
    Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Генеральный секретарь Совета сотрудничества тюркоязычных государств Багдад Амреев во время встречи с премьер-министром КР. 27 октября 2020 года
    Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, кеңешке мүчө-мамлекеттердин ортосундагы мамилени чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  •  Исполняющий обязанности Президента, Премьер-министр Кыргызской Республики Садыр Жапаров во время встречи с генеральным секретарем ССТГ Амреевым
    Амреев өз кезегинде Түрк кеңешинин экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иши, ошондой эле уюмдун келечегин аныктаган "Түрк кеңеши — 2025" стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып берди.
    © Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 3
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, кеңешке мүчө-мамлекеттердин ортосундагы мамилени чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

"Түрк тилдүү мамлекеттер ар дайым жакын өнөктөш болуп келген, бизди жалпы тарыхый тамырлар, элдерибиздин тилинин, маданиятынын жана салттарынын окшоштугу байланыштырып турат", — деди Жапаров.

Садыр Жапаров аймактарга жумушчу сапарын баштады. Алгач Кочкордо болду

Амреев өз кезегинде Түрк кеңешинин экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иши, ошондой эле уюмдун келечегин аныктаган "Түрк кеңеши — 2025" стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып берди. Ошондой эле ТМККнын Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча иш-аракеттерди активдештирүү боюнча сөз болду.

Жапаров кыргыз тарап ар тараптуу кызматташууга даяр экенин айтып, ТМККнын инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекке жайгаштыруу демилгесин кубаттады.

63
Белгилер:
кызматташтык, жолугушуу, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров өзүнө эки кеңешчи дайындады. Алар кайсы тармактын адиси
Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив

Артем Новиков Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди

44
(жаңыланган 19:04 04.12.2020)
Өлкөнүн башкы салыкчысынын сөгүш алышына "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы иштер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилгенин билдирди.

Анда Абдалиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленет.

Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Жакында эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго каарын төккөн. Анын ачуусун келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигече үкөктөн чыгарылбай турганы болгон.

Бирок кийин салык кызматы ал иштерге башка мамлекеттик органдар жооптуу экенин айтып билдирүү тараткан.

44
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, сөгүш, өкмөт
Тема боюнча
Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди
Бешинчи муундагы учак Су-57. Архивдик сүрөт

Орус куралы: биринчи сериялык Су-57 жана анын жетегиндеги "Охотник"

35
(жаңыланган 18:05 04.12.2020)
Баштапкы сериясында 76 машинадан турган бешинчи муундагы Су-57 алгачкы авиациялык комплекси ушул айда Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн катарынан орун алат.

Комплекстин канатына жасалма интеллекти бар, коштоочу С-70 "Охотник" учкучсуз аппараты турат. Полигондо ал бийиктен кармоо жана ракеталык курал менен буталарды жок кылуу алгоритмдерин ийгиликтүү өздөштүрүп келет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул эки куралдын айкалышын мүнөздөп чыккан.

Мурдараак РФ Коргоо министрлигиндегилер Аба-космостук күчтөр бешинчи муундагы Су-57 алгачкы сериялык истребителин жыл аягына чейин аларын, учак дээрлик даяр экенин маалымдаган.

Кийин өндүрүш көлөмү жылына 15 машинага чейин жеткирилмекчи. Су-57 истребителинин 76сы тең 2021-2027-жылдар аралыгында үч авиациялык полкту жабдыйт. Биринчи баскычтагы кыймылдаткычы бар алгачкы карлыгачтары чыгарылууда, ал эми 2025-жылы сериялык өндүрүшкө экинчи баскычтагы кыймылдаткычтар киргизилет. Ошентсе да Су-57 дүйнөдөгү мыкты жана күчтүү истребителдердин бири болуп саналат.

Бешинчи муундагы россиялык учак абадагы, жердеги жана суудагы буталардын бардык түрүн кыйратууга жөндөмдүү. Бурулганы мыкты жана форсажсыз үндөн ыкчам сапаттарынын айкалышы, борттук электроника комплекси жана көп байкалбастыгы Су-57ге жогорку аскердик натыйжалуулукту жана душманга салыштырмалуу артыкчылыкты камсыз кылат.

Military Watch Magazine журналынын маалыматына таянсак, Су-57нин өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша уникалдуу борттук куралы бар. Анын ичинде ашкере сезимталдуу радарларга, 400 чакырым аралыкка багытталган "аба – аба" тибиндеги гипер үндүү ракеталар, душмандын ракеталарынан лазердик коргонуу тутуму жана башка жогорку технологиялык артыкчылыктарга ээ.

Мындан мурда бешинчи муундагы истребитель үчүн ракеталарды кыйратуучу авиациялык каражаттардын кеңири номенклатурасына ири келишим жөнүндө белгилүү болгон, башкача айтканда, Су-57 "бош" учпайт. Ал эми оор учкучсуздар менен бир бөлүмдө аскердик башкаруу аба борборуна айланат. Жогорку технологиялык эки саамалыктын өз ара аракеттенишинин аскердик эффектисин ашыра баалоо кыйын.

Аскердик артыкчылыгы

Акыркы үлгүдөгү истребитель Сириядагы россиялык күчтөр тобунун курамында сыноодон өткөн. Учуучу-техникалык мүнөздөмөлөрүн, интеллектуалдык маалыматтык-тескөөчү комплексин, куралданышы жана бардык борттук тутумдарын текшерүү үчүн ондон ашуун ирет учурулган.

Су-57нин айрым технологиялык жетишкендиктери – америкалык бешинчи муундагы истребитель, атап айтканда F-22 Raptor үчүн кол жеткис кыял. Жасалма интеллект аскердик башкаруу тутумуна интеграцияланган жана бул аскердик иште революция болуп саналат.

Учкуч менен учурулуучу Су-57 автоматтык режимде милдеттеринин 90 пайызын аткарууга жөндөмдүү. Ал тургай алдын ала даярдалган программа боюнча толук автоматтык түрдө иштей алат. Эгер учкуч согушта жарадар болсо (өлтүрүлсө), башкаруу тутуму негизги буталарды өз алдынча аныктап сокку урат, машинаны жана учкучту базага кайтарат.

Учактын канатына жана корпусуна интеграцияланган, Х-диапазонундагы активдүү фазадагы антенналык торчолору бар радарлар эбегейсиз мейкиндикти байкоону камсыз кылат. Учкучтун кырдаалдык маалымдуулугун арттырат. Башка истребителдерге караганда тактикалык ыкмаларды дурус аткарууга жол берет.

"Каптал радиолокациялык станциялар" буталарды издөөдө автономдуулукту жогорулатат, душмандын радарларына Су-57ни байкалгыстыктын сапаттуу жаңы деңгээлин жаратат. Ошону менен бирге эле бортунда жана арсеналында жайгашкан, жетегиндеги сокку уруучу учкучсуздар үчүн буталарды аныктоонун натыйжалуулугун жоготпойт.

Сүйрөгүчтүн үч өлчөмдүү вектору алыскы жана жакынкы согуштагы болуп көрбөгөндөй маневрларды аткарууга мүмкүндүк берет, согушта чыдамкайлыктын кепилдигине айланат. Анткен менен "учак компьютер" аэродромдук тейлөөдө машакаты жок, аэродромдун ыкчам (кыртыштык) шарттарында пайдаланууга жөндөмдүү. Мындай күчтүү жана технологиялык жактан күтүүсүз машиналар болжолдуу согуш талаасында душманды соо калтырбайт.

Су-57нин экспорттук дарамети да чоң, сериялык өндүрүшкө чыкпай жатып эле потенциалдуу чет элдик буюртмачылардын "кезегин" топтой алды. Бешинчи муундагы россиялык истребителге алгачкылардан болуп Алжир ээ болот. Ал аймактагы коңшуларынын аскердик-аба күчтөрүнүн бекемделишинен улам 14 машинага буюртма берген. Келишимдин наркы 2 млрд. долларды түзүп, 2025-жылга чейин аталган мамлекеттик бул аппараттар менен жабдуу пландалган.

Эриш-аркакта

С-70 "Охотник" учкучсуз аппараты Ашулук полигонундагы ракеталык чабуулда 2-декабрда сыналган. Оор учкучсуз учуучу аппарат истребитель-колго түшүргүч катары "аба – аба" ракеталарын колдонууну тууроо менен бир нече ирет учкан. Ошону менен бирге эле ракеталарды мээлөө тутумдары жана жол баштоочу Су-57 учагы менен борттук радиоэлектрондук системаларын интеграциялоо да бааланган.

"Охотник" дүйнөдө биринчи учкучсуз истребитель-колго түшүргүчкө айланары күтүлөт. Окутуу баскычында аба кырдаалы жана буталар жөнүндөгү маалыматтардын бардыгын учкучсуз аппарат жерден же жол баштоочу истребителдерден алат. Кийин автономдук согуштук аскердик багытта колдонулушу мүмкүн.

Оор учкучсуз аппарат "акылга" жана 5000 чакырымга чейинки аралыкка алты тоннадан ашуун ракета жана бомбаларды ташый алчу жөндөмгө ээ. "Охотник" менен Су-57 истребителинин кыйратуучу аскердик шериктештиги эң жогорку технологиялык душманын да соо койбойт.

Павел Сухой атындагы сыноочу-конструктордук бюродо жасалган анча байкалгыс "Охотник" Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн сокку уруу функцияларга ээ оор учкучсуз аппараты болмокчу.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, машинанын узундугу 19 метр, канаттарынын кулачы 14 метр, учуш массасы 20 тоннаны түзүп, эң жогорку ылдамдыгы саатына 1000 чакырымдын тегерегинде.

"Охотник" учкучсузу алгач ирет 2019-жылы абада 20 мүнөткө чукул болгон. Учушу болушунча ишенимдүү болгон. Ошол эле жылдын күзүндө "Охотник" жана Су-57 ээрчишип учкан. Оор учкучсуздун аскердик мүмкүнчүлүктөрү жана автономдуулугу улам жакшыртылып, 2020-жылы кыйла технологиялык прогресске жетишкен. Жакынкы келечегинде ар кыл шарттарда аба, жер жана сууда "Охотник" сокку урууга машыккан.

Азырынча дүйнөнүн бир дагы өлкөсү сокку уруучу учкучсуз аппаратын колго түшүрүүчү учак катары пайдаланбагандыгын белгилей кетели. "Өнөктөштөр" мындан улам тынчсызданып жатканы байкалат.

35
Белгилер:
комплекс, ракета, душман, истребитель, курал, Россия
Тема боюнча
Америкалык F-35тин кезектеги көйгөйү: абада май куюучу учак менен кагышты
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбнекова. Архив

Сүйүнчү! Айсулуу кыздар күрөшүнүн тарыхында эң мыкты балбан деп табылды

0
(жаңыланган 19:55 04.12.2020)
Добуш берүү UWW уюмунун Instagram баракчасында жүргүзүлдү. Кыргызстандык балбан кыз 293 миңдей добуштун теңинен көбүн алган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун Instagram баракчасына жарыяланды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Кыргызстандык дүйнө чемпиону индиялык Винеш Пхогат менен финалга чыккан болчу.

"Биз менен кошо Айсулуу Тыныбекованы куттуктаңыз. UWW уюмунун "Күрөш тарыхындагы эң мыкты балбан кыз" жарышында жеңүүчү болду. Тыныбекова 292 896 күйөрмандын 58 пайыз добушун алды", — деп айтылат билдирүүдө.

UWW уюмунун виртуалдуу мелдеши онлайн форматта өткөн. Индиялык спортчуга 121,907 адам добуш берсе, Тыныбекованы 170,989 адам колдогон. 

0
Белгилер:
күрөш, Айсулуу Тыныбекова
Тема боюнча
Тыныбекова баштаган балбан кыздар Стамбулда Дүйнө кубогуна даярданышууда
Секирген атаандашын төбөгө көтөрүп уруп... КР балбандары жасаган укмуш ыкмалар. Видео