Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Таалайбек Өмүралиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту.

Кыргызстан менен Россия аскер-техникалык кызматташтык маселесин талкуулашты

113
(жаңыланган 16:29 27.10.2020)
Өмүралиев жайында, пандемия күч алып турганда, Россия Кыргызстанга аскердик медиктерин жибергени үчүн ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Таалайбек Өмүралиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бул Өмүралиевдин аталган кызматка начальник болуп дайындалгандан берки эл аралык деңгээлдеги алгачкы жолугушуусу. 

Начальник Генштаба Вооруженных сил КР Таалайбек Омуралиев во время встречи с послом России в Кыргызстане Николаем Удовиченко
© Фото / Генеральный штаб ВС КР
Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги Таалайбек Өмүралиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту.

Кезигишүүдө тараптар аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык боюнча пикир алмашты.

Өмүралиев жайында, пандемия күч алып турганда, Россия Кыргызстанга аскердик медиктерин жибергени үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле стратегиялык өнөктөштүк алакасын мындан ары бекемдөөгө даяр экенин айткан.

Тараптар Россиянын Кыргызстандагы аскердик базасынын ишин жакшыртуу маселесин да карашты.

РФ элчиси россиялык ишкерлердин коопсуздугун камсыздоо маселесин көтөрдү

Николай Удовиченко аскер жана аскердик-техникалык багытта Россия пландалган иш-чараларды жүзөгө ашырууну уланта берерин айтып, буга чейин мамлекеттер аралык сүйлөшүлгөн каржы-экономикалык багыттагы келишимдерди аткаруу үчүн чара көрүлөрүн кошумчалады.

Тараптар коопсуздук жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн аскердик багыттагы кыргыз-орус мамилелери мындан ары өнүгүп, бекемделе турганын белгилешти.

113
Белгилер:
кызматташтык, база, элчи, Аскер, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан "Кант" авиабазасын кеңейтүү сунушу түшсө карап чыгууга даяр
Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив

Артем Новиков Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди

46
(жаңыланган 19:04 04.12.2020)
Өлкөнүн башкы салыкчысынын сөгүш алышына "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы иштер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилгенин билдирди.

Анда Абдалиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленет.

Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Жакында эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго каарын төккөн. Анын ачуусун келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигече үкөктөн чыгарылбай турганы болгон.

Бирок кийин салык кызматы ал иштерге башка мамлекеттик органдар жооптуу экенин айтып билдирүү тараткан.

46
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, сөгүш, өкмөт
Тема боюнча
Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди
Бешинчи муундагы учак Су-57. Архивдик сүрөт

Орус куралы: биринчи сериялык Су-57 жана анын жетегиндеги "Охотник"

36
(жаңыланган 18:05 04.12.2020)
Баштапкы сериясында 76 машинадан турган бешинчи муундагы Су-57 алгачкы авиациялык комплекси ушул айда Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн катарынан орун алат.

Комплекстин канатына жасалма интеллекти бар, коштоочу С-70 "Охотник" учкучсуз аппараты турат. Полигондо ал бийиктен кармоо жана ракеталык курал менен буталарды жок кылуу алгоритмдерин ийгиликтүү өздөштүрүп келет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул эки куралдын айкалышын мүнөздөп чыккан.

Мурдараак РФ Коргоо министрлигиндегилер Аба-космостук күчтөр бешинчи муундагы Су-57 алгачкы сериялык истребителин жыл аягына чейин аларын, учак дээрлик даяр экенин маалымдаган.

Кийин өндүрүш көлөмү жылына 15 машинага чейин жеткирилмекчи. Су-57 истребителинин 76сы тең 2021-2027-жылдар аралыгында үч авиациялык полкту жабдыйт. Биринчи баскычтагы кыймылдаткычы бар алгачкы карлыгачтары чыгарылууда, ал эми 2025-жылы сериялык өндүрүшкө экинчи баскычтагы кыймылдаткычтар киргизилет. Ошентсе да Су-57 дүйнөдөгү мыкты жана күчтүү истребителдердин бири болуп саналат.

Бешинчи муундагы россиялык учак абадагы, жердеги жана суудагы буталардын бардык түрүн кыйратууга жөндөмдүү. Бурулганы мыкты жана форсажсыз үндөн ыкчам сапаттарынын айкалышы, борттук электроника комплекси жана көп байкалбастыгы Су-57ге жогорку аскердик натыйжалуулукту жана душманга салыштырмалуу артыкчылыкты камсыз кылат.

Military Watch Magazine журналынын маалыматына таянсак, Су-57нин өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша уникалдуу борттук куралы бар. Анын ичинде ашкере сезимталдуу радарларга, 400 чакырым аралыкка багытталган "аба – аба" тибиндеги гипер үндүү ракеталар, душмандын ракеталарынан лазердик коргонуу тутуму жана башка жогорку технологиялык артыкчылыктарга ээ.

Мындан мурда бешинчи муундагы истребитель үчүн ракеталарды кыйратуучу авиациялык каражаттардын кеңири номенклатурасына ири келишим жөнүндө белгилүү болгон, башкача айтканда, Су-57 "бош" учпайт. Ал эми оор учкучсуздар менен бир бөлүмдө аскердик башкаруу аба борборуна айланат. Жогорку технологиялык эки саамалыктын өз ара аракеттенишинин аскердик эффектисин ашыра баалоо кыйын.

Аскердик артыкчылыгы

Акыркы үлгүдөгү истребитель Сириядагы россиялык күчтөр тобунун курамында сыноодон өткөн. Учуучу-техникалык мүнөздөмөлөрүн, интеллектуалдык маалыматтык-тескөөчү комплексин, куралданышы жана бардык борттук тутумдарын текшерүү үчүн ондон ашуун ирет учурулган.

Су-57нин айрым технологиялык жетишкендиктери – америкалык бешинчи муундагы истребитель, атап айтканда F-22 Raptor үчүн кол жеткис кыял. Жасалма интеллект аскердик башкаруу тутумуна интеграцияланган жана бул аскердик иште революция болуп саналат.

Учкуч менен учурулуучу Су-57 автоматтык режимде милдеттеринин 90 пайызын аткарууга жөндөмдүү. Ал тургай алдын ала даярдалган программа боюнча толук автоматтык түрдө иштей алат. Эгер учкуч согушта жарадар болсо (өлтүрүлсө), башкаруу тутуму негизги буталарды өз алдынча аныктап сокку урат, машинаны жана учкучту базага кайтарат.

Учактын канатына жана корпусуна интеграцияланган, Х-диапазонундагы активдүү фазадагы антенналык торчолору бар радарлар эбегейсиз мейкиндикти байкоону камсыз кылат. Учкучтун кырдаалдык маалымдуулугун арттырат. Башка истребителдерге караганда тактикалык ыкмаларды дурус аткарууга жол берет.

"Каптал радиолокациялык станциялар" буталарды издөөдө автономдуулукту жогорулатат, душмандын радарларына Су-57ни байкалгыстыктын сапаттуу жаңы деңгээлин жаратат. Ошону менен бирге эле бортунда жана арсеналында жайгашкан, жетегиндеги сокку уруучу учкучсуздар үчүн буталарды аныктоонун натыйжалуулугун жоготпойт.

Сүйрөгүчтүн үч өлчөмдүү вектору алыскы жана жакынкы согуштагы болуп көрбөгөндөй маневрларды аткарууга мүмкүндүк берет, согушта чыдамкайлыктын кепилдигине айланат. Анткен менен "учак компьютер" аэродромдук тейлөөдө машакаты жок, аэродромдун ыкчам (кыртыштык) шарттарында пайдаланууга жөндөмдүү. Мындай күчтүү жана технологиялык жактан күтүүсүз машиналар болжолдуу согуш талаасында душманды соо калтырбайт.

Су-57нин экспорттук дарамети да чоң, сериялык өндүрүшкө чыкпай жатып эле потенциалдуу чет элдик буюртмачылардын "кезегин" топтой алды. Бешинчи муундагы россиялык истребителге алгачкылардан болуп Алжир ээ болот. Ал аймактагы коңшуларынын аскердик-аба күчтөрүнүн бекемделишинен улам 14 машинага буюртма берген. Келишимдин наркы 2 млрд. долларды түзүп, 2025-жылга чейин аталган мамлекеттик бул аппараттар менен жабдуу пландалган.

Эриш-аркакта

С-70 "Охотник" учкучсуз аппараты Ашулук полигонундагы ракеталык чабуулда 2-декабрда сыналган. Оор учкучсуз учуучу аппарат истребитель-колго түшүргүч катары "аба – аба" ракеталарын колдонууну тууроо менен бир нече ирет учкан. Ошону менен бирге эле ракеталарды мээлөө тутумдары жана жол баштоочу Су-57 учагы менен борттук радиоэлектрондук системаларын интеграциялоо да бааланган.

"Охотник" дүйнөдө биринчи учкучсуз истребитель-колго түшүргүчкө айланары күтүлөт. Окутуу баскычында аба кырдаалы жана буталар жөнүндөгү маалыматтардын бардыгын учкучсуз аппарат жерден же жол баштоочу истребителдерден алат. Кийин автономдук согуштук аскердик багытта колдонулушу мүмкүн.

Оор учкучсуз аппарат "акылга" жана 5000 чакырымга чейинки аралыкка алты тоннадан ашуун ракета жана бомбаларды ташый алчу жөндөмгө ээ. "Охотник" менен Су-57 истребителинин кыйратуучу аскердик шериктештиги эң жогорку технологиялык душманын да соо койбойт.

Павел Сухой атындагы сыноочу-конструктордук бюродо жасалган анча байкалгыс "Охотник" Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн сокку уруу функцияларга ээ оор учкучсуз аппараты болмокчу.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, машинанын узундугу 19 метр, канаттарынын кулачы 14 метр, учуш массасы 20 тоннаны түзүп, эң жогорку ылдамдыгы саатына 1000 чакырымдын тегерегинде.

"Охотник" учкучсузу алгач ирет 2019-жылы абада 20 мүнөткө чукул болгон. Учушу болушунча ишенимдүү болгон. Ошол эле жылдын күзүндө "Охотник" жана Су-57 ээрчишип учкан. Оор учкучсуздун аскердик мүмкүнчүлүктөрү жана автономдуулугу улам жакшыртылып, 2020-жылы кыйла технологиялык прогресске жетишкен. Жакынкы келечегинде ар кыл шарттарда аба, жер жана сууда "Охотник" сокку урууга машыккан.

Азырынча дүйнөнүн бир дагы өлкөсү сокку уруучу учкучсуз аппаратын колго түшүрүүчү учак катары пайдаланбагандыгын белгилей кетели. "Өнөктөштөр" мындан улам тынчсызданып жатканы байкалат.

36
Белгилер:
комплекс, ракета, душман, истребитель, курал, Россия
Тема боюнча
Америкалык F-35тин кезектеги көйгөйү: абада май куюучу учак менен кагышты
Манасчы Үмөт Дөөлөтов маек учурунда

Манасчы Үмөт Дөөлөтов: азыр мурдагыдай бардыгын айтып, сүйлөй бербейм

0
Тай кезинде "Манасты" укмуштуудай айтып таанылган Үмөт учурда 15 жашка толуп, тажрыйбасы да артып, чакырган жерлерге өз алдынча барып калган.

Үмөт Дөөлөтов (Болот уулу) бул өнөр менен эл алдына 3,5 жашында чыгып, Кыргызстандагы эң кенже манасчы атка конгон. Айрым илимпоздор аны 7 жашында кичинекей гений деп аташкан. Ал эми 9 жашында "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылган.

Sputnik агенттиги манасчы Үмөттүн борбор калаага келген учурунан пайдаланып кепке тартты.

— Үмөт, Бишкекке, анын ичинде биздин студияга кош келипсиз. Негизи өзүңүз Нарындан болгонуңуз менен үйдөгүлөрдүн жумушуна байланыштуу Ысык-Көлдө турат эмессиздерби.

— Өзүм Нарында туулуп өскөм. Эки жашыман Көлгө келдим. Бирок биздин түбүбүз Көл, аркы өйүздөгү Жети-Өгүздөн. Тыныбек атанын урпактарынанмын. Ал дагы Нарындан болгону менен түбү Көлдөн болгон. Бишкекке телекөрсөтүүгө же башка жактарга чакырышат. Барып Манас айтып турам.

Манасчи Умот Доолотов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Манасчи Умот Доолотов

— Мурда ата-энеңиздин же мугалимиңиздин коштоосунда келчү элеңиз. Азыр өз алдыңызча болуп калыптырсыз?

— Эми адам деген чоңоёт экен да. Кичинекей кез жок. Баягыдай ашыкча сүйлөп жибербейм. Берилген суроолорго гана жооп берем. Мурун болсо атам, апам жанымда жүрүп, туура эмес сүйлөп жиберсем бакырып-өкүрүп, ой муну сүйлөбө, уят деп жатып тарбияга салышты. Бала болуп ичимдеги нерсенин бардыгын айта берчүмүн да.

— Акыркы жылдары элге, анан массалык маалымат каражаттарына мурдагыга салыштырмалуу азыраак чыгып калдыңыз окшойт?

— Эки жакка көп эле чакырып жатышат. Соңку кезде карантинге байланыштуу да сыртка чыккан жокмун. Атам экөөбүз тоого чыгып алып Манас айтабыз. Айтып жатканда бири-бирибизди улап, эртең менен баштап кечинде же түштө бүтөбүз. Кадимкидей Манас айтканды сагынып калабыз.

— Кечээ жакында эле Бишкекте өспүрүм манасчылардын арасында сынак өттү. Сизди ал жактан көрө алган жокпуз?

— Мени андай сынактарга кошушпайт негизи. Сен келсең биз келбей эле койбойлубу дешет. Койгула, мени деле атам тарбиялап жатып ушул деңгээлге жеткирди деп калам. Антпесе мен деле карапайым адаммын, кадимки балдардай эле жүрөм. Мени аябай мактап салышат. Канчалык башың булутка жетсе дагы ылдый жүрүш керек. Менмин деп мактанганды жаман көрөм.

Ооба, ал сынакты телевизордон көрдүм. Мага иш-чаранын уюштуруучусу чалып, чакырбай калганы үчүн кечирим сурады. Сенин деңгээлиң Дөөлөт (Сыдыков), Камил (Мамадалиев) байкелериңдей дешти. Мен чоң манасчылар менен жүрүп, акыл-насааттарын угуп, тарбияланып келе жатам.

— Мурда сизди көргөндө дароо таанычу элек. Азыр бой жетип, жигит болуп калыпсыз. Көчөдөн көрүп калгандар кандай мамиле кылышат?

— Көлдөн баары эле таанышат. Эки жакка чыкканда калпакты чечип койсом таанылбайм. Кийгенде дароо Үмөт эмессиңби дешет. Кечээ маршруткага калпакчан кирген болчумун. Чоң эле ата "Үмөт, сенсиңби?"деп, "кел отур, айланайын, сенин колуңду кармай албай жүргөм" деп баягы жерден колумду кармады. Анан уят да, чоң атаны тургузуп койгон, отура бериңиз дедим.

— Ошондой жерден манас айтып бер дегендер да болсо керек. Мен айтканга да шарт, жагдай керек деп ойлойм. Өзүңүз кандай көз караштасыз?

— Сурангандарга үзүндү айтып берип коюш керек, бирок үзүндү деген да көп болот. Ал жок дегенде эки саатка барышы керек. Астына суу же сары май коюп коюш керек. Жакында эле Дөөлөт байке 14 саат Манас айтты. Өзүм да аянтта болдум. Эч нерсе жебей-ичпей, ажатканага барбай, Саякбай атадан кем эмес экен деп аябай таң калдым.

Анан Манас айткан киши тамакка салбашы керек. Антсең 2-3 мүнөттө эле тамагың жабылып калат. Дөөлөт байкенин айтканын уксаңар, шашпай баштайт. Кээ бир манасчыларыбыз бакырып-өкүрүп, кыйын айтып жатам дегенсип тамакка салып алат. Эгерде ушундай маектерде болсо кыска эле күпүлдөп бериш керек.

Манасчи Умот Доолотов сказывает Манас на площади Ала-Тоо в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Манасчи Умот Доолотов

— Бирок эргүү алып келе жатканда дароо токтоо кыйын болуш керек да...

— Ии. Илгери баштагандан кийин токтотушчу эмес экен. Саякбай атамды токтоткондо башка чапчу экен. Азыр заман башка. Антип чапсаң соттолуп кетесиң. Анан өзүбүз эле эптеп токтойбуз.

— Саякбай манасчы деп калдык. Мурдагы маектерде Саякбай ата болом деп айтыптырсыз. Азырчы?

— Азыр деле ошондоймун. Алдыда койгон максаттарым көп. 9-классты бүтүп Күрөңкеев атындагы окуу жайга келип, анан Улуттук конверваторияга тапшырсамбы дейм. Режиссерлукту аркалагым келет. Чолпон-Атада Карамолдо Орозов атындагы музыкалык окуу жайда беш жыл окудум.

— Режиссер болуу "Саякбай" тасмасынан кийин келсе керек? Анда сиз манасчынын кичирээк чагын аткардыңыз эле.

— Ооба. Мен режиссер болсом азыркыдай кинолорду тартпайт болчумун. Илгерки эпостордон алып, Манас атаны тартпасам дагы Барсбек Каганды, өзгөчө Саякбай атаны тарткым келип жатат.  Жакынкы жылдары чыккан "Саякбай" тасмасын жамандабайм, бирок бир аз жарнама болуп калыптыр. Ал башынан өткөндөрүн айтып бериптир. Чоңойгондо тилегиме жетсем Саякбай атанын киносун башкачараак кылып тартайын деген оюм бар. Мен түшүмдө Саякбай атаны көргөм да.

Манасчи Умот Доолотов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Манасчи Умот Доолотов

— Саякбайды түшүңүздө көп көрөсүзбү?

— Түш көрө элекмин. Чоңойгондо түшкө көп кирбей калат экен. "Маданияттын мыкты кызматкери" наамын алганда Саякбай атаны көрүп, мени кадимкидей эле куттуктаган. Андан мурда кичирээк кезимде кирген. А негизи Манас аталар кире берет экен.

— Эпосту окуп чыктыңыз беле?

— Үйдө китептер абдан көп. Мен Тыныбек, Саякбай, Сагымбай аталардыкын окугам. Бирок мен алардын вариантында айтпайм. Мугалимдер манас айтканымды изилдешкен, бир дагы сөзүм башкаларга уйкаш чыккан эмес. Ата-энем болбогондо мындай деңгээлге жетпейт болчумун. Менин устатым атам, ал чоң манасчы. 6-классында Турдакун Усубалиевдин алдында манас айткан. Анан аны чоң атам жалгыз баласың деп айттырбай токтотуп койгон экен.

— Тырмактай кезиңизден бери элдин назарында жүрөсүз. Көз тийген учурлар болобу?

— Көп эле болот. Маселен, тойлордо. Мен негизи тойлордо көп айтпайм, арак ичишет да. Байке, эжелеримдин тоюнда айтам, болбосо таарынат. Анан сүрөткө түшүшөт, колумду кармагандар көп болот. Колумду кармаганда эле эртеси эсим ооп, кусуп калам. Көз тийген жаман негизи. Манас айткан сайын көз тиет. Анан атам дарылайт, өзү невропатолог, кыргызчылык да жайы бар. Кыргызчылык менен дарылаганда бир-эки саатта кетет.

Сказитель эпоса Манас Умот Доолотов
Ринат Мурзаев
Кичинекей манасчы Үмөт маданияттын мыкты кызматкери болду

— Кичирээк чагыңызда биздин мурдагы президенттер Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев өзгөчө көңүл буруп, талантыңызга таазим этип, жолугушту эле. Азыр ошолорду эстегенде кандай сезимде болосуз?

— Роза Отунбаева менен жолукканым көп эсимде жок. Анда кичинекей болуп калдым. Биринчи жолукканда "Ата, эмне эле?" деп токтоп калган жерим эсимде. Ошондо жаттайт дешкен. 3,5 жашыңда кантип жаттайсың? Атам өзү Манасты жазып туруп, 2-3 жолу окуганда эле мээме сиңип калчу. Бат эле сиңирип алчу элем, анан ошол жерден унутуп калып жатпаймынбы. Андан кийин Роза Отунбаева менен жолуктум, Саякбай атанын киносу тартылганда барыптыр.

Атамбаев учактын ичинен атама алтын саат берген. Жалпысынан 18 президент менен жолуктум.

— Атамбаев сизге дароо эмес, иш-чарада Манас айткандан кийин учурашкан экен?

— Москвага чогуу эле барганбыз. Иш-чарада Манас айтканда Атамбаев кадимкидей эле ыйлады. Ал жакта аны менен төрт президент отурган. Бишкекке учуп келе жатканда учактан чакыртты. Анан ыраазычылыгын айтып, алтын саат берди. Мени мурда эле таанычу экен, анан кененирээк тааныштык.

Кийинки өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков премьер кезинде колунан Ардак грамота алгам, президент болгондо манасчылар менен чогуу жолуктук.

С маленьким манасчи — сказителем эпоса
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Неопубликованные фотографии президента КР Алмазбека Атамбаева

— Сиз катышкан иш-чаралардын кайсынысы көбүрөөк эсте калды?

— Былтыркы Сауд Аравиядагы Көчмөндөр оюну эсте калды. Арабдар айла жок эле эл экен, эми, албетте, баары эмес. Кечинде манасчылар манас айтып жатса кадимкидей жаан жаады. Ал жакта бир да жолу жаан жаап көрө элек экен. Тигилер кыямат-кайым болуп жатабы деп жүрөгү түшүп, биз отурган жакка кире качышты. Анан бизди көрүп бийлеп киришти. Манас айтып атсаң бийлесе ачууң келет да, бирок унчуккан жокпуз. Түшүнбөгөн эл экен, бирок арасында жакшылары дагы бар.

Москвада кичирээк чагымда "Дети — цветы жизни" деп аталган сынак өткөн. Мага окшогон жалаң кичинекей балдар, кыздар катышты. Аябай көңүлдүү болгон. Ошол жактан мен бир татар кызды сүйүп келгем. Атам жуучу түшөбүз деген. Ал кыз чоңойгондо сүйлөшпөй калдык.

— Азыр сүйлөшкөн кызыңыз барбы?

— Ооба. Ал дагы жөн кыз эмес. Өткөндө Бишкекке келип "Жылдын мыкты окуучусу" наамын алып кетти.

— Окуу деп калдык, мектепти кандай окуйсуз?

— Төрт, бешке окуйм. Мен негизи жалаң мыкты баага окуйт болчумун, бирок эки жакка көп кетем. Бир-эки жумалап, кээде бир айлап жок болом. Мугалимдер мектепти таанытып атасың деп көтөрмөлөп баа коюшат.

— Манас айтуудан тышкары бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

— Бир жылдан бери ММА менен бокска барам. Бош убактымда футболго дагы барам. Комуз чертем, ошондой эле мектепте 30дай балага сабак берем. Комуз, ооз комуз, чопо чоор, сыбызгы, жада калса пианинону да үйрөтөм.

Манасчи Умот Доолотов во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Манасчи Умот Доолотов

— Манасчынын жогорудагы спорттун түрлөрү менен машыгышын биринчи жолу угушум...

— Өзүм көп деле мушташпайм, жаман көрөм. Бул өзүмдү коргоо үчүн гана. Маселен, Саякбай ата балбан киши болгон, бардыгын көтөрүп чапчу. 9-классты бүтүп Бишкекке келгенде дагы өзүмдү ишенимдүү алып жүргөндөй болушум керек. 

— Үйдөн жумуш кыласызбы?

— Ооба, ата-энеме жардам берем. Кээде идиш жууп коём. Бизде кыз жок да. Мен төрт эркектин кичүүсүмүн. Бардыгы тең үйлөнгөн. Мага бирок апам жумуш көп жасатпайт, аяйт. Атам бир мүнөт да убакыт бербейт, "жүрү тигини, жүрү муну кылалы" дей берет.

— Азыркы жаштар TikTok, Instagram же башка социалдык тармактарда отуруп убактысын короткондой сезилет. Сиз да буларга киресизби?

— Мен андайларга кирбейм. Бир оюн бар, ошону бир аз ойноп коем. Телефон ден соолукка зыян да, ашып кетсе бир-эки саат карайм. Андан көрө футбол ойноп, тоого чуркап келем.

— Сизге эркин микрофон болсун...

— Кыргызстан өсүп-өнүгүшү үчүн маданиятты сыйлай билишибиз керек. Ага көңүл бурсак, бат эле өнүгүү жолуна түшөбүз.

0
Белгилер:
маек, манасчы, Манас эпосу, Үмөт Болот уулу, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады
Саякбай киши жибертип чакырта албай койгон. Шаабай Азизов тууралуу 9 факты