Баш прокурор болгон Зулушевдин ордуна Исманов депутаттык мандат алды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖК депутаты Курманкул Зулушев. Архив
ЖК депутаты Курманкул Зулушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүнкү жыйында жаңы депутатка кызматтык күбөлүк жана төш белги тапшырды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат Курманкул Зулушевди Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратты.

Андан соң анын ордуна партиянын кийинки сабында турган Самат Исманов ЖКга депутат болуп келди. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүнкү жыйында ага кызматтык күбөлүк жана төш белги тапшырды.

Зулушев 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалгандыктан, депутаттык мандатын тапшырып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0