Элвира Сурабалдиеванын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖогорку Кенештеги кресло. Архив
Жогорку Кенештеги кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Урумкалиевага ЖК депутатынын күбөлүгүн жана төш белгисин тапшырды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Чынара Урумкалиевага Жогорку Кеңештин депутаты мандатын ыйгарды. Бул тууралуу БШК билдирди.

Урумкалиева КСДПнын депутаты Элвира Сурабалдиева кызматын тапшырып кеткенден кийин ордуна катталды. Бүгүнкү жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Урумкалиевага ЖК депутатынын күбөлүгүн жана төш белгисин тапшырды.

Баш прокурор болгон Зулушевдин ордуна Исманов депутаттык мандат алды

Чынара Урумкалиева 47 жашта. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин аппаратында эксперт болуп иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0