Кол коюу. Архивдик сүрөт

Бишкекте эки райондун акими кызматтан кетүүгө арыз жазды

291
(жаңыланган 19:06 27.10.2020)
Октябрь районунун башчысы андан өз ыктыяры менен кызматын тапшырууга арыз жазышын суранышканын белгиледи.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкектин Октябрь жана Биринчи май райондорунун акимдери кызматтан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Октябрь районунун акими Азамат Дороев маалыматты тастыктап, андан өз ыктыяры менен кызматын тапшырууга арыз жазышын суранышканын белгиледи. Азырынча ал арызга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгону же коё электиги туурасында билбей турганын айтты. Аны менен катар Биринчи май районунун башчысы Алибек Биримкулов да ээлеген ордун бошотууга арыз жазганын билдирди.

Балбак Түлөбаев ишке киришери менен эки вице-мэр кызматтан кетти

Бүгүн калаа башчысынын милдетин аткаруу үчүн дайындалган Түлөбаев менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Ал кызматка киришери менен турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алимбек Абдылдаев менен социалдык саясат боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеваны иштен алынган. Мозгачева ушул жылдын июль айында, Абдылдаев сентябрда дайындалган болчу.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев буга чейин Бишкек шаардык мэриянын аппарат башчысы болуп иштеп кеткен. Үстүбүздөгү жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган.

291
Белгилер:
арыз, кызматтан кетүү, аким, Бишкек
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев Бишкек мэринин милдетин аткара баштады
"Манас" аэропортунун жетекчиси: Жапаровдун уруксатын алдым, жумушту улантам
Мамлекеттик кызматкерлер жыйын учурунда. Архив

Конституциялык кеңешменин курамы өзгөрдү. Жаңы кошулган 10 адамдын тизмеси

186
(жаңыланган 21:48 25.11.2020)
Кеңешменин курамына жаңы киргендердин арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, коомдук ишмер, юрист жана укук коргоочулар бар. Ал эми кеңешмедеги ЖК депутаты Канат Керезбеков үй-бүлөлүк шартына байланыштуу чыгарылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилип, дагы 10 адам кошулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кеңешменин курамы мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык өзгөргөн.

"Конституциялык кеңешменин ишине активдүү катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгү эске алынды. Ошондой эле конституциялык реформа боюнча ишке жарандарды, коомдук уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартып, ар кандай пикирлерди толук эске алууну камсыз кылуу максатында, Конституциянын 65 жана 68-беренелери жетекчиликке алынды", — деп жазылат маалыматта.

Ага ылайык, кеңешмеден үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ЖК депутаты Канат Керезбеков чыгарылган.

Кеңешме курамына 10 киши кошулду. Алар:

  • Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер;
  • Мурат Укушев — көз карандысыз эксперт, конституционалист;
  • Алмамбет Шыкмаматов — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Төлөйкан Исмаилова — "Бир дүйнө – Кыргызстан" укук коргоо уюмунун директору;
  • Мурат Карыпов — тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, "Плюрализм" гезитинин редактору;
  • Айдарбек Мамбеткадыров — көз карандысыз эксперт-юрист;
  • Асел Абакирова — юридика илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;
  • Кантемир Мурзабеков — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Муратбек Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;
  • Таалайбек Шамурзаев — Кыргыз-орус славян университетинин Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.
186
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Конституция жөнүндө мыйзам долбооруна лингвистикалык экспертиза жүргүзүлөт
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова

Ализа Солтонбекова министрлик ишине расмий киришти

145
(жаңыланган 22:21 25.11.2020)
Кызматка дайындалган аткаминер 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин министрдин орун басары болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ализа Солтонбекова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына расмий түрдө киришти. 

Аны дайындоо жөнүндө жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Султанбекованын талапкерлиги премьер-министр тарабынан сунушталып, бүгүн парламенттен колдоо тапкан.

Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 27-октябрда жумуштан бошотулгандан кийин анын ордуна жаңы эле кызматын тапшырган вице-премьер Аида Исмаилова сунушталган. Бирок анын талапкерлигин ЖК депутаттары колдобой койгон.

145
Белгилер:
Ализа Солтонбекова, жарлык, дайындоо, министр
Тема боюнча
"Алмашкыс" орун басар ордуна кайтканда. Байгончоков Финансы министрлигине барды
Легендарлуу футболчу Диего Марадона. Архив

Легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду

0
(жаңыланган 22:50 25.11.2020)
Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу. Ал 30-октябрда медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн ооруканалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Аргентинанын TN телеканалына таянып кабарлады.

Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу.

30-октябрда "Химнасия жана Эсгрима" футбол клубуна башкы машыктыруучулук кылып жаткан Марадона бир катар текшерүүлөрдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк анын мээсине операция жасалгандыгы кабарланган. Марадона ооруканадан 12-ноябрда чыгарылганы айтылган. Футбол адисинин акыркы жылдары басканы оорлошуп, өзүн начар сезип калган.

0
Тема боюнча
Роналду, Зидан, Марадона... Дүйнөлүк футболчулардын атын алган кыргызстандыктар