Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Алмаз Мамбетов. Архив

Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды

389
(жаңыланган 21:37 27.10.2020)
Мамбетов мурда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеп, үстүбүздөгү жылдын февралында иштен алынган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Алмаз Мамбетов буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп иштеп, үстүбүздөгү жылдын февралында иштен алынган. Ага чейин Балыкчы шаарынын мэри кызматын аркалаган.

389
Белгилер:
дайындоо, кызмат, Алмаз Мамбетов
Тема боюнча
Аида Исмаилова менен Улукбек Кочкоров кызматтан бошотулду
Садыр Жапаров өзүнө эки кеңешчи дайындады. Алар кайсы тармактын адиси
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмеси учурунда

Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү

62
(жаңыланган 22:31 30.11.2020)
Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференция форматында өткөн.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.

Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере аларын айткан.

Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.

"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

62
Белгилер:
жыйын, Артем Новиков, ШКУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты
Кыргызстандын президентинин милдетин аткарып жаткан жана ЖКнын спикери Талант Мамытов

Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күнгө созулат

73
(жаңыланган 21:14 30.11.2020)
Иш сапар туурасында толук маалымат жок. Буга чейин Жогорку Кеңештин спикеринин Россиянын Мамдумасынын төрагасы менен жолугары айтылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, ЖК спикери Талант Мамытовдун Россияга иш сапары үч күн — 6-8-декабрда болот. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын сөзүнө караганда, сапар Жогорку Кеңеш менен Россиянын Мамлекеттик Думасынын алкагында болот.

Калган маалыматтар кийинчерээк айтыларын кошумчалады.

Мамытовдун сапары боюнча маалыматты буга чейин Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирген. Ал жолугушуу 7-декабрда болорун айткан.

73
Белгилер:
иш сапар, Вячеслав Володин, Талант Мамытов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Ак үйдө чек ара маселелери жана президенттик шайлоого даярдыктар талкууланды
Талант Мамытов Россияга расмий иш сапары менен барат