Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

Бүгүн ЖК депутаттарынын мыйзамда белгиленген мөөнөтү аяктады

158
Мыйзам боюнча ЖК депутаттары беш жылдык мөөнөткө шайланат. Азыркы парламент 2015-жылдын 28-октябрында өз ишин баштаган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын Конституцияда белгиленген мөөнөтү аяктады.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда ЖК депутаттары беш жылдык мөөнөткө шайланат. VI чакырылыштын парламентарийлери 2015-жылдын 28-октябрында ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен.

Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Бирок эртеси анын жыйынтыгына нааразы болгон эл жана саясий партиялар митингге чыгып, Ак үйдү басып алышкан. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Мыйзам боюнча парламенттик шайлоону кайра өткөрүү эки айдын ичинде уюштурулушу шарт. Ага таянып БШК добуш берүү күнүн 20-декабрга белгилеген.

Парламенттик шайлоо жылса өлкөдөгү абал кандай өзгөрөт? Юристтердин пикири

Ал арада Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Аталган документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Деген менен юристтер "парламенттик шайлоону создуктуруу кыргыз бийлигинин легитимдүүлүгүнөн шек жаратып, эл аралык коомчулук мамилесин үзүп коюшу мүмкүн" деп кулак кагыш кылууда.

158
Белгилер:
парламенттик шайлоо, мыйзам, мөөнөт
Тема боюнча
Садыр Жапаров эки шайлоо тең март айына чейин бүтүп каларын айтты
Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш. Архив

Жапаров БУУнун башкы катчысы Гутерришти куттуктап, жолугушууну сунуштады

28
(жаңыланган 21:24 22.10.2021)
Жапаров Кыргызстан БУУну дүйнөдөгү эң маанилүү маселелерди чечүүчү борборго айланган абройлуу жана универсалдуу эл аралык уюм деп тааный турганын белгиледи.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерришти жыл сайын 24-октябрда белгиленчү БУУнун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров Кыргызстан БУУну дүйнөдөгү эң маанилүү маселелерди чечүүчү борборго айланган абройлуу жана универсалдуу эл аралык уюм деп тааный турганын белгилеген. Ушунун негизинде уюмдун сессиясынын дебаттарында маанилүү эл аралык демилгелерди көтөргөнүн, алардын эң олуттуулары — 2022-жылы "БУУ — Борбордук Азия" саммитин өткөрүү жана "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдыкты" кабыл алуу болгонун айткан.

"Жалпы дебаттардын жүрүшүндө климаттын өзгөрүүсүнө токтолуп, БУУнун алдында тоо-токойлорун сактап калуу боюнча программаны кабыл алуу жана тоолуу өлкөлөрдүн климатынын глобалдык жылуусу менен күрөшүүнү колдоо боюнча фондду ачууну демилгеледим. Буга БУУнун сессиясында кененирээк токтолмокчумун. Ушул жана башка дүйнөлүк масштабдагы маселелерди талкуулоо максатында келерки айда Глазго шаарында жолугушууну сунуштайм", — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоо телеграммасында.

Жапаров Гутерришке чың ден соолук жана бакубатчылык, иштерине ийгиликтерди каалаган.

28
Белгилер:
Кыргызстан, БУУ, Садыр Жапаров, Антониу Гутерриш, куттуктоо, климат, жолугушуу
Тема боюнча
Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болмокчу
Жапаров 2022-жылды эл аралык тоо жылы деп жарыялоону демилгеледи
Россиянын президенти Владимир Путин

Акылга сыйган консерватизм: Путин бүтүндөй доорду жокко чыгарып койду

192
(жаңыланган 18:43 22.10.2021)
Владимир Путин өлкөнүн жакынкы келечекке карата идеологиясын жана стратегиялык багытын аныктады. Муну улуттук идея деп айтса да болчудай.

"Валдай" клубунун жыйынында сүйлөп жатып президент биринчи кезекте цивилизация каатчылыгы, дүйнө тартиби эле эмес, адамдын өзүн да өзгөрүүгө дуушар кылган глобалдуу трансформация өкүм сүргөн маалдагы өлкөнүн стратегиясы тууралуу айтты. Кризис канчага созулары белгисиз. Бирок ушу тапта адамзат баш тартып коё ала турган жана макул болуп кабыл ала турган нерселер бар. Россиянын да бул чакырыкка карата саясаттагы багытын түздөй турган өз көз карашы, принциби бар.

Путин муну акылга сыйган консерватизмдин идеологиясы деп атап, сөзүн жыйынтыктады. Корутундуну ал адамзаттын азыркы абалын сүрөттөө аркылуу жасаган.

Адамзат жашоо нугун аныктоочу принциптердин кризисин, цивилизация каатчылыгын башынан кечирип жатканына токтолгон президент эртеби-кечпи баарын кайрадан көңүлдөн сыдырып өтүүгө туура келерин белгилеген. Бирок ошол эле маалда кай жакка багыт алып, эмнеден баш тартуу керектигин, эмнени өзгөртүп, кайсыны оңдоо керектигин тактап алуу оң, ал эми анык баалуулуктар үчүн "болгон аракетти жумшап күрөшүү керек".

Мунун баарын адамзатты жөлөп-таячу ишенимдүү тирөөч жок шартта жасоо абзел. Кеп дүйнөлүк системанын (социалдык, саясий, экономикалык, маданий, аскердик ж.б.) тирөөчү тууралуу да эмес. Бул жерде күчтөрдүн жаңы балансын издөө улана берет, бирок баалуулуктар каатчылыгында адам үчүн эмне баалуу экенин аныктаган критерийлердин өзү анык болбой жатат. Андыктан сөз жөн эле Батыштын үстөмдүк кылган доорунун бүтүшү же капитализм моделинин ресурсу түгөнгөнү (Путин бир нече ирет айткан) тууралуу эле эмес, кыйла терең нерселер тууралуу болду:

"Техника адамдан ашып ойлоно баштаса эмне болот? Адам организмине кийлигишүүнүн чеги кайда? Илим менен техниканын мүмкүнчүлүктөрү чексиздикке айланган дүйнөнүн өзүнүн чеги кайсы? Бизге, урпакка, балдар менен неберелерге мунун таасири кандай болот?"

Албетте, Путин бул суроолордун баарына жооп берип отурган жок, бирок азыркы адамзаттын кризиси тарыхта болбогонун түшүнүүгө чакырды. Ал эми кризистин саясий өзөгү, башкача айтканда, күчтөрдүн жаңы балансын табуу маселеси тынч эле чечилиши мүмкүн экени белгиленди:

"Саясаттын тарыхында туруктуу дүйнө түзүлүшкө ири согушсуз жеткен учур дээрлик жок. Мындай көрүнүш өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин болуп келген. Демек, биздин буга чейин кездешпеген прецедент түзүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар".

Башкача айтканда, Путин ушу тапта көйгөйлүү, ошол элек убакта жөнөкөй болуп келген маселелерди чечүүдө өзүн оптимист катары көрсөттү. Адамзаттын чынында эле жок дегенде саясий келечеги тууралуу сүйлөшүп, эпке келүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул жерде сүйлөшүүгө макул болгон тарап өзү аныктап-тактап алган баалуулуктарына таянуу менен иш кылмакчы.

Мындан улам Путин түзүлүштү жаңылоо процессинин өзөгүн сунуштап, аны төрт тезиске сыйдырган.

Биринчиси. "Коронавирус пандемиясы дүйнөлүк түзүлүштүн структура түзө турган бирдиги мамлекет гана боло аларын көрсөттү". Башкача айтканда, улуттун үстүнөн караган глобалдуу структуралар аны алмаштыра албайт. Анткени "суверендүү өлкөлөр гана мезгил чакырыктарына жана жарандардын талабына майнаптуу жооп кайтарууга даяр". Путин мында "чеги жок дүйнө" жана мамлекеттерди жок кылууну геосаясий күрөштүн куралы деп атады:

"Акыркы он жылдыктарда мамлекеттин ролун эскиртип, доорун бүтүрүп жиберген концепцияларды бетке кармап келгендер оголе көп болду. Глобалдашуу шартында улуттук чек ара анахронизм болуп, ал эми суверендүүлүк өсүп-өнүгүүгө тоскоол имиш. Билесиздерби, буга чейин айттым эле, дагы кайталайын, жогорудагы сөз өзүнүн артыкчылыгына таянып бирөөнүн чек арасын бузууга аракет кылгандардын оозунан чыккан. Иш жүзүндө ушундай болуп келген. Кайсы бир жерде кимдир бирөө андан ашып ийгиликке жеткенин укса дароо чек араны, биринчи кезекте өзүнүкүн жабуу керектигин саймедиреп, дубалдарды кура баштайт. Баарыбыз эле көрүп-билип жатпайбызбы".

Андыктан эл аралык тартип мамлекеттин кызыкчылыгы менен мүмкүнчүлүгүн эске алып, алардан танып кетүүгө аракет кылбашы керек деди Путин.

"Коомдук-саясий түзүлүштүн принциптери болобу, же кимдир бирөө универсалдуу деп атаган баалуулуктар болобу, эч ким эч кимге бир нерсени таңуулабашы керек. Чындап башка кыйынчылык түшкөндө адам өмүрү деген бир эле баалуулук калат эмеспи. Аны кантип сактап калууну мамлекет өзү мүмкүнчүлүгүнө, маданиятына, каада-салтына жараша чечет".

Биринчи тезис дүйнөлүк оюндардын эрежесин мамлекеттер киргизерин, Россия дал ушундай "курулушка" катышарын көрсөтүп турат.

Экинчи тезис. "Өзгөрүүнүн масштабы баарыбызды этият болууга мажбурлады". Башкача айтканда, мезгил чакырыгына жооп кайтарып жатып Россия революциялык кадамдардан баш тартып абайлап, сактык менен өзгөрүп отурат:

"Технология жаатындагы ийгиликтер же айлана-чөйрөдөгү өзгөрүүлөр, көндүм турмуштун башка нукка өтүшү коомчулук менен мамлекет аларга кескин реакция кылышы керек дегенди түшүндүрбөйт. Бүлүндүрүү — бул куруу эмес. Мындай абал Россияны эмнеге кептээрин биз жакшы билебиз, тилекке каршы, мындай жагдайга бир нече жолу тушукканбыз... Тарыхтагы бул мисалдар революция кризистен чыгуунун эмес, аны тереңдетүүнүн жолу экенин айтууга жол берет. Бир да революцияга адам потенциалына тийгизген кесепетине арзыбайт".

Путиндин үчүнчү тезиси биринчиси менен байланыштуу. Россия эл аралык тыгыз кызматташуусуз курч көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөт. Бирок муну мамлекеттин укук-дараметин улуттун үстүнөн карай турган структураларга берүү менен жасабаш керек. Башкача айтканда, суверендүүлүк баарынан жогору турат. Бул Россиядан башка мамлекеттерге да тиешелүү:

"Реалист болуу керек: ХХ кылымдын соңунан бери угуп келе жаткан глобалдуу көйгөйлөрдүн глобалдуу чечимдери тууралуу кооз лозунгдар эч качан жүзөгө ашпайт. Глобалдуу чечимдер мамлекет менен элдин суверендүү укугун улуттун үстүнөн караган структураларга өткөрүп берүүнү камтыйт. Чынын айтканда, буга эч ким даяр эмес. Анткени мындай саясаттын жыйынтыгы үчүн аталган структуралар алдында эмес, өз элиңдин, өз шайлоочуларыңдын алдында жооп берүүгө туура келет".

Бирок чогуу иштөөгө болот, жалпы дүйнөлүк чакырыктарга жооп издөө үчүн эгер кызматташуудан анык бир пайда көрөрүң чын болсо кайсы бир жерден өзүңдү чектеп да койсоң болот. Путин башкы эл аралык уюмду реформалоо зарыл экенине токтолду, бирок мында "БУУ азыркы олку-солку заманда эл аралык мамиленин акылга сыярлык консерватизминин алып жүрүүчүсү. Дал ушул нерсе абалды жөнгө салууда абдан зарыл болуп турат".

Ушул жерде баалуулук тууралуу да айтылат:

"Бүгүнкү күндө таяна турган өзөктүн моралдык, этикалык мааниси артып баратат. Баалуулук — бул ар улуттун маданий-тарыхый өнүгүүсүнүн продуктусу, бул өтө уникалдуу продукт".

Демек, мамлекет глобалдуу кризис менен чакырыктарга жооп берип жатып адамдын жашоо нугун элдин баалуулугуна, улуттун цивилизациясына таянып, аны негиз кылып акырындап реформалайт.

Диктаттын эч бир түрүнө, баалуулуктардын диктаты болобу, идеологиялыкпы, жол берилбейт. Россия Батышта болуп жаткан "тарых барактарын ажаандык менен жок кылуу", азчылыктын кызыкчылыгы үчүн көпчүлүктү дискриминациялоо, же болбосо ата, апа, үй-бүлө, аял-эркектин айырмасы сыяктуу көндүм түшүнүктөрдөн баш тартуу сыяктуу аракеттерин жактырбайт. Бирок Россия бирөөнүн ишине кийлигишпейт:

"Болгону биздин жашоого кийлигишпегиле дейт элек... Биздин көз карашыбыз, түшүнүгүбүз башка. Өзүбүздүн рухий баалуулуктарыбызга, тарыхый каада-салтыбызга, көп улуттуу элибиздин маданиятына таянабыз".

Балдарга "жынысын тандоо" практикасын таңуулоону Путин адамзатка каршы кылмышка теңеп, аял менен эркектин укугу тууралуу талкууларды фантасмагория деп атады.

Батыштын баалуулук кризиси тууралуу айтуу Путинге эң башкы нерсени — акылга сыйган консерватизмдин идеологиясын жеткирүүгө керек эле.

"Кадамдарыбызды аныктап жатып акылга сыйган консерватизмдин идеологиясын жетекчиликке аларыбызды бир нече жыл мурда айткам. Анда эл аралык аренада абал тынчыраак болчу. Азыр дүйнө структуралык жактан бүлүнүп жатканда саясий багыттын негизи катары акылга сыйган консерватизмдин мааниси кыйла арта түштү...

Дүйнө кайрадан түзүлүп, өзгөрүп жаткан маалда чектен ашпаган консерватизм, менимче, эң эле туурасы. Албетте, ал өзгөрүп турат, бирок дарыгерлердин "зыянга учуратпа" деген принциби абдан ылайыктуу болуп турат".

Консерватизм — бул өзгөрүүлөрдөн коркуу же көндүм болгон нерселерди консервациялап салуу эмес. Жок. Консерватизм — бул айрымдар идеалдуу деп эсептеген түзүлүштү ишке ашыруу үчүн азыркы түзүлүш менен саясий системаны сындыруудан баш тартуу.

Консерватизмдин тышкы дүйнөдөн, мезгил чакырыктарынан обочолонуу менен эч жалпылыгы жок. Интернеттин доорунда мунун өзү күлкүлүү. Консерватизм — бул өзүнө бекем ишенген, тарыхын билген, элинин баалуулуктарын сактаган мамлекеттин дүйнөгө ачык болушу. Орустар жан дүйнөсү ачык эл, бирөөнүн маданиятына сый менен мамиле жасап келет. Бирок мунун баары улут өз каада-салтын жакшы билгенде, өзүнүн өзөгүн таанып жашаганда гана боло келчү көрүнүш.

Путиндин орустардын консерватизми оптимисттердин консерватизми деп айтканы да ошондон. Бардык нерсе өзүнүн аракетинен гана көз каранды экенин аңдап түшүнгөн адамдын консерватизми. Россиянын консерватизми тарыхый тажрыйбанын корутундусу, анткени дал ушул себептен элде социалдык-саясий кыйроого алып келген экстремизмге карата "жамааттык иммунитет" иштелип чыккан.

Путин муну элдин артыкчылыгы экенин айтып, Николай Бердяевдин "Консерватизм — бул алдыга жана жогору көздөй кетүүгө эмес, артка жана ылдый кетүүгө тоскоол боло турган нерсе" деген сөзүн далил келтирди.

Акыркы фразаны Бердяев 1923-жылы жазган. Жүз жыл өтүп да Россиянын келечеги өткөнүн жок кылууга багытталбай турганына ишеним бекем. Бул орус цивилизациясынын куну бийик консерватизми. Акылга сыйган консерватизм.

192
Белгилер:
Владимир Путин, Россия, Батыш, тарбия, каада-салт, үй-бүлө, тарых
Тема боюнча
Путин: коммунисттер менен улутчулдарга бирдей кароо такыр туура эмес
Адистер Путиндин "Валдай" жыйынында айткандары боюнча өз көз караштарын билдирди
Голос долбоорунун сахнасы. Архив

Кыргызстандык "Голос" шоусуна катышып, Билан менен Агутинди таң калтырды

0
(жаңыланган 00:18 23.10.2021)
Бишкектик ырчы Адилет Жумабековду дароо үч насаатчы командасына алгысы келди. Ал долбоордогу чыгармасын апасына арнаган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Адилет Жумабеков Россиянын "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү.

Бул шоуда насаатчылар аткаруучуларды артты карап алып угуп, жакса бурулушат. Адилет кесипкөй ырчы эмес экенин, бирок бир нече аспапта ойной турганын айткан.

"Апам төрт баланы жазгыз өстүрдү. Мен музыкалык окуу жайда окучумун, бирок финансылык кыйынчылыктан улам музыкант, ырчы болуп иштеп кеткем. "Голос" долбоору — менин көптөн берки кыялым", — деген Жумабеков.

30 жаштагы бишкектик ырчы долбоордо Boyz II Men — End of the road ырын аткарды. Ал ырдап жатканда Александр Градский, Леонид Агутин менен Дима Билан бурулуп караган. Залда отургандар да ага кол чаап, "Баракелде!" деген. 

Пелагея кыргызстандык ырчынын аткаруусуна таң берген, Агутин стилин жана тембрин баалаган, Билан дагы аны өз командасынан көргүсү келип жатканын билдирген. Натыйжада Жумабеков Биланды тандаган.

0
Белгилер:
Россия, 'Голос' долбоору, ырчы
Тема боюнча
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Сүрөт