Эльвира Сурабалдиеванын вице-премьерликке талапкерлигин комитет колдоду

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖКнын экс-депутаты Эльвира Сурабалдиева. Архив
ЖКнын экс-депутаты Эльвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева кечээ, 27-октябрда, мөөнөтүнөн мурда депутаттыктан кеткен.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Эльвира Сурабалдиеванын вице-премьерликке талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖК регламенти боюнча комитети колдоду.

Бүгүн ЖКнын жыйыны өтүп, анда Садыр Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү ант бермек.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева мөөнөтүнөн мурда депутаттыктан кеткен.

Маалыматта эл өкүлү өз ыктыяры менен мандатын тапшырууга арыз жазганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0