КР менен РФ вице-премьерлери инвесторлордун корголушун камсыздоону талкуулады

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив
Биринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьерлер Кыргыз-Россия кызматташтыгынын маанилүү маселелерине, ЕАЭБдин алкагындагы тараптардын өз ара алакасына басым жасаган.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия комиссиясынын теңтөрагалары биринчи вице-премьер Артем Новиков менен РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук телефон аркылуу ЕАЭБ алкагындагы кызматташуу жана инвесторлордун корголушун камсыздоону талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тараптар Кыргыз-Россия кызматташтыгынын маанилүү маселелерине, ЕАЭБдин алкагындагы тараптардын өз ара кызматташуусуна басым жасашты. Мындан тышкары, тараптар аркылуу Кыргызстандагы чет элдик инвесторлорду, анын катарында өлкөнүн аймагындагы россиялык бизнестин ишмердүүлүгүнүн корголушун камсыздоо зарылдыгы белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаровдун биринчи кайсы өлкөгө иш сапар менен барары айтылды

Буга чейин ТИМ жетекчиси Казакбаев РФ президентинин өкүлү Козак менен жолугуп, Россия тараптан кыргыз экономикасына көрсөтүлчү колдоолор тууралуу сөз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0