Сурабалдиева вице-премьерликти ким сунуштап, кантип макул болгонун айтты

© Фото / секретариат фракции СДПКВице-премьерлик кызматына талапкер Эльвира Сурабалдиева. Архив
Вице-премьерлик кызматына талапкер Эльвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурабалдиева бийликке жаштар келсин деген талап менен элдик толкундоо болгонун эске алып сунушту четке какпаганын белгиледи.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Вице-премьерлик кызматты президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров сунуштады. Бул туурасында ЖК тарабынан аталган кызматка бекитилген Эльвира Сурабалдиева журналисттерге билдирди.

Ал бийликке жаштар келсин деген талап менен элдик толкундоо болгонун эске алып сунушту четке какпаганын белгиледи.

"Бюджеттин тартыштыгы расмий түрдө 35 миллиард сомго жетти, пандемия күчөп жатат, менин ниетим баягыдай эле түз. Өкмөткө барсам деле мүнөзүм өзгөрбөйт, 42 жашка чыктым, жумшарып калбайт. Мүнөзү өзгөрөт деген сөздүн мага тиешеси жок. Ушундай оор кырдаалда мамлекетти таштап жүз буруп кетүүнү туура көрбөйм. Эми сын-пикир айтпастан барып иштөө мүмкүнчүлүгү берилип жатат, барып иштеп далилдейм. Жеке амбицияларды четте калтырып, мамлекет үчүн иштеп берүү максатында сунушту кабыл алдым", — деди Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, бүгүн ЖК депутаттары мурдагы кесиптеши Сурабалдиваны вице-премьерлик кызматка жактырды.

Эльвира Сурабалдиева 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал эми быйылкы шайлоого "Ата Мекен" партиясы менен катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0