Депутаттар Канат Исаевди спикерликтен кетирүүгө кол топтой баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым парламентарийлер төрагага ишеним көрсөтпөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтса, кээ бири андан кабары жоктугун билдирди.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары спикер Канат Исаевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол чогултуп жатышат. Бул туурасында эл өкүлү Сайдулла Нышанов билдирди.

Депутат аны кечээ кечинде кесиптештери чакырып, төрагага ишеним көрсөтпөө боюнча кол коюп беришин сураганын айтты. Бирок ал кол койгон эмес.

Дагы бир депутат Самат Ибраев ишеним көрсөтпөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктады.

Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат

Ал эми парламентарийлер Наталья Никтенко, Абдывахап Нурбаев аталган маселеден кабары жок экенин айтышты.

Эгер Канат Исаев төрагалыктан кете турган болсо, анын ордуна Талант Мамытов барары айтылууда. Бирок ал азырынча мындай маселе карала электигин айтты. Эгер сунуш түшүп калса, карап көрөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, спикерди кызматтан алуу үчүн 80ден кем эмес депутаттын макулдугу талап кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0