Жогорку Кеңештин имараты. Архив

Кыргызстанда беш партия биригип бийликке 6 талап койду

1159
(жаңыланган 16:17 28.10.2020)
Темирбек Асанбеков бийлик диалогго барышын талап кылып, болбосо жаңы саясий блок мыйзамды коргоп митингге чыгарын билдирди.

БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. Кыргызстанда коомдук саясий "Үмүт" кыймылы түзүлүп, курамына "Мекен ынтымагы", "Реформа", "Бүтүн Кыргызстан", "Замандаш", "Социал-демократтар" партиялары менен "Кыргызстан жаштары" саясий уюму, "Калыс" кыймылы жана жаштар кыймылынын жетекчиси Чыңгыз Макешов кирди. Бул тууралуу "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков билдирди.

Жаңы кыймыл айрым саясий топтор менен адамдардын бийликти узурпация кылып жатканына тынчсыздануусун кабарлаган.

Оппозициялык фракция БШК мүчөлүгүнө Акылбек Сариевди сунуштады

  • Партия резолюция кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин депутаттарына төмөнкүдөй талаптарын коюшту:
  • 2020-жылдын 20-декабрында ачык жана таза парламенттик шайлоо өткөрүүнү камсыздоо;
  • Президентин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров шайлоо күрөөсү менен босогосун азайтып, №2 форманы жокко чыгарган "Президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" Конституциялык мыйзамга кол коюп берсин;
  • 2020-жылы өткөн шайлоо алдында жана 4-октябрдагы шайлоодо эреже бузууларга, административдик ресурстарды колдонууга жана добуш сатып алууга жол берген Башкы прокуратуранын, ИИМдин жана УКМКнын жетекчилерин жоопко тартуу;
  • БШКнын мүчөлөрүнө басым, кысым көрсөтүүнү токтотуу;
  • Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктагандыктан таркатуу;

БШК 4-октябрда шайлоого катышкан партияларга шайлоо күрөөсү үчүн берген акчасын кайтарып берүү.

Асанбеков бийлик диалогго барышын талап кылып, болбосо жаңы саясий блок мыйзамды коргоп митингге чыгарын белгиледи.

1159
Белгилер:
Кыргызстан, саясат, саясий партиялар, митинг, талап
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо (36)
Тема боюнча
Элвира Сурабалдиеванын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди
Бүгүн ЖК депутаттарынын мыйзамда белгиленген мөөнөтү аяктады
Талибан согушкери Кабулда. Архивдик сүрөт

Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир

79
(жаңыланган 19:50 16.09.2021)
Эксперт бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкканын айтып, эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталарына токтолгон.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Афганистандагы окуялар Борбор Азия мамлекеттерине жаңы геосаясий реалдуулукту жаратты. Бул тууралуу саясий серепчи Эдил Осмонбетов билдирди. 

Политолог Эдил Осмонбетов во время видеомоста в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясий серепчи Эдил Осмонбетов

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Афганистандагы кырдаалдын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасири" аттуу видео көпүрөгө катышкан.

Осмонбетовдун айтымында, аймактын коопсуздугу бүгүнкү күндүн орчундуу темасы.

"20 жыл аралыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык жана экономикалык маселелерди, керек болсо тышкы саясий маселелерди чечүү менен алектенүүгө геосаясий мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкты. Эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталат", — деген серепчи.

Анын айтымында, азыр "Талибан"* кыймылы башка мамлекеттердин алардын бийлигин таануусун талап кылып жатат. Бирок процесске таасир этчү бир дагы мамлекет талибдердин бийлигинин легитимдүүлүгүн таанууга даяр экенин айта элек. Эксперт жаңы геосаясий реалдуулуктун шартында бир топ маселе дүйнөлүк жана аймактык оюнчулар аркылуу чечиле турганын кошумчалаган.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

79
Белгилер:
Афганистан, серепчи, пикир, кырдаал, Борбордук Азия, коопсуздук
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди
Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды
Сот балкасы. Архив

Жогорку сот Улуттук банктын экс-төрагасынын өкүмүн жокко чыгарды

131
Курманбек Бакиев президент болуп турган тушта өмүрүнө кол салуу болгон журналист Сыргак Абдылдаев өзүнүн Facebook баракчасына "сыр" деген гриф менен Бакиевдердин реабилитациясы жүрүп жатканын жазды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге карата чыккан соттун өкүмү жокко чыгарылды. Иш кайра каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Курманбек Бакиев президент болуп турган тушта өмүрүнө кол салуу болгон журналист Сыргак Абдылдаев өзүнүн Facebook баракчасына "сыр" деген гриф менен Бакиевдердин реабилитациясы жүрүп жатканын жазды. Ал ошондой эле Жогорку сот Алапаевге карата чыккан соттун чечимин (15 жылга кесилген) кайра кароону тапшырганын маалымдады. Алапаев "Ысык-Көл" банкын рейдерлик менен басып алууга айыпталган. Абдылдаев ушул эле иш боюнча Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев сыртынан камалганын да белгилеген.

"2021-жылдын 18-августунда Жогорку соттун кылмыш иши жана жоруктар боюнча коллегиясынын ачык соттук жыйынында адвокат Мощиндин өтүнүчү жана Башкы прокуратуранын прокурорунун жаңы ачылган жагдайлардан улам Марат Алапаевдин ишин кайра кароо боюнча корутундусу талкууланган", — деп айтылат Жогорку соттун маалыматында.

Анын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 20-октябрында чыгарган чечими менен Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик эреже бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясынын 2016-жылдын 8-февралындагы чечими жокко чыгарылды. Алапаевге карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко чейинки өндүрүшкө алуу үчүн прокурорго берилди.

"Белгилей кетсек, бул кылмыш иши ачык соттук жыйында каралып, "сыр" деген грифке тиешеси жок. Ошондой эле бул иш боюнча айыпталган башка фигуранттардын иши кайра каралган жок", — дешти Жогорку соттон.

Максим Бакиев — Курманбек Бакиевдин уулу, ал эми Жаныш — анын бир тууганы. Үчөө тең түрдүү иштер боюнча сыртынан соттолгон.

 

131
Белгилер:
Кыргызстан, Курманбек Бакиев, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Соттордун чечими жокко чыгып, Келдибековдун иши кайра каралмай болду
Ош шаардык соту Кылыч Саркарбаевди актады. Прокуратура облустук сотко даттанат
Көргөзмө. Архивдик сүрөт

Өзбекстандын өнөр адамдары Бишкекте искусство боюнча жолугушуу өткөрөт

6
Коңшу мамлекеттин маданият өкүлдөрү музыкалык карьера, көркөм активдүүлүк жана драма боюнча тажрыйбалары менен бөлүшөт.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Бишкекте ArtOfDiversity (Чеберчиликтин ар түрдүүлүгү) долбоорунун алкагында Борбор Азиядагы арт-менеджмент жана альтернативдүү искусство боюнча жолугушуу өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Билдирмеге караганда, иш-чара 19-сентябрь саат 16.00гө белгиленген.

"Иш-чарага Өзбекстандын чыгармачыл ишмерлери катышып, анда Борбор Азиядагы альтернативдүү искусствонун келечеги талкууланып, коноктор Өзбекстанда аткарылып жаткан арт-долбоорлор тууралуу айтып беришет. Ошондой эле алар музыкалык карьера, көркөм активдүүлүк жана драма боюнча тажрыйбалары менен бөлүшөт", — деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун уюштуруучулары көркөм чөйрөнүн өкүлдөрүн диалогго катышууга чакырып кеткен.

6
Белгилер:
иш-чара, искусство, жолугушуу, өнөр, Өзбекстан
Тема боюнча
Маданият министрлиги "Мыкты боз үй" сынагын жарыялады. Катышуунун шарттары
Бишкек менен Ош шаарындагы эки ири театр оңдоп-түзөлүүдө. Сүрөт