Антымды бузсам жоопкерчилик тартууга даярмын! Өкмөт мүчөлөрү ант берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши ант берип жаткан учурда. Архив
Киши ант берип жаткан учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн 22 мүчөсү бар: премьер-министр, үч вице-премьер, 12 министр, төрт мамлекеттик комитеттин башчысы жана министр рангындагы өкмөттүн аппарат жетекчиси.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаров жана жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү кызматына киришип жатып ант беришти.

Жогорку Кеңештин жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

"Кызматка киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниет менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын", — дешти өкмөт мүчөлөрү.

Садыр Жапаров депутаттардын алдында ант берди. Видео

Соңунда Жапаров аларга кайрылып,болгон билим, тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө, абалды турукташтырууга жумшоого чакырды. Ошондой эле Конституциялык реформаларды бир адамдын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүүгө жардам берерине ишеним артты.

КР өкмөтүнүн 22 мүчөсү бар: премьер-министр, үч вице-премьер, 12 министр, төрт мамлекеттик комитеттин башчысы жана министр рангындагы өкмөттүн аппарат жетекчиси.

Жаңылыктар түрмөгү
0