Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишилер жаштардын аллеясында бара жатат. Архив
Кишилер жаштардын аллеясында бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы дайындалган вице-мэр борбор калаанын турак жай жана коммуналдык чарба боюнча маселелерин тескейт.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон. Жаңы дайындалган вице-мэр борбор калаанын турак жай жана коммуналдык чарба боюнча маселелерин тескейт.

Кайрадан орун алмашуу. Балбак Түлөбаев жаңы вицелерди дайындады

Жамалбек Ырсалиев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0