Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Артем Новиков Садыр Жапаровдон кийин президенттин милдетин аткарабы? Өзүнүн жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековОнлайн-брифинг первого вице-премьер-министра Артема Новикова
Онлайн-брифинг первого вице-премьер-министра Артема Новикова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер Артем Новиков Садыр Жапаровдон кийин президенттин милдетин аткарар-аткарбасы тууралуу айтты.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артем Новиков президенттин милдетин аткаруучулук боюнча өз пикирин айтты. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтүп жаткан "Артем Новиковдун биринчи вице-премьер кызматындагы пландары" аттуу онлайн-брифинг учурунда сөз болду.

"Бул боюнча юристтердин жана серепчилердин ар кандай пикирлери бар. Ачыгын айтсам, менде президенттин милдетин аткаруучулукка чейин барууга саясий амбициям жок. Учурда менин алдымда финансы-экономикалык тармакта бир топ тапшырмалар турат", — деди Новиков.

Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат

Эске салсак, өткөн аптада президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кийинки жылдын башында өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катыша турганын билдирген. Анын милдетин андан ары ким аткарат, азырынча белгисиз. Ал эми премьердин биринчи орун басары болуп Артем Новиков иштеп жатат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0