Кыргызстандагы кытай ишкерлери Жогорку Кеңешке 15 ноутбук тартуулады

© Фото / пресс-служба ЖККытай ишкерлери Жогорку Кеңешке ноутбук алып берди
Кытай ишкерлери Жогорку Кеңешке ноутбук алып берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноутбуктар эртең аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлөт, экөө бүгүн парламенттин маалымат кызматына берилди.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандагы кытай ишкерлеринин ассоциациясы Жогорку Кеңештин аппаратына 15 ноутбук алып берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн ЖК төрагасы Канатбек Исаев аталган ассоциациянын башчысы Ян Цай Пинь менен жолуккан. Тараптар Кыргызстандагы экономикалык маселелерди талкуулап, инвестициялык кызматташтык жана ишкердикти өнүктүрүү тууралуу пикир алышкан.

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет

"Жолугушууда Кыргызстандагы кытай ишкерлеринин ассоциациясы Жогорку Кеңешке 15 ноутбук тапшырды. Бул жаатта тиешелүү сүйлөшүүлөрдү аппараттын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмү жүргүзгөн. Ноутбуктар эртең аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми эки ноутбук парламенттин маалымат кызматына берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0