УКМК Камчыбек Ташиевдин Россияга болгон сапарынын статусу жөнүндө маалымат таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев. Архив
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Россиядагы мекендештер менен дагы кезиккени маалым болду.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев расмий иш сапары менен Россияда жүрөт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, иш сапарынын алкагында Ташиев өнөктөш расмий кызматтардын жетекчилери менен жолуккан.

“Ошондой эле УКМК жетекчиси Россияда бир катар жолугушууларды өткөрөрү, анын ичинде мигранттар менен дагы кезигээри пландалган”, — деп айтылат маалыматта.

Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылдын 16-октябрында дайындалган.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар ЖМКларга Камчыбек Ташиевдин кыргызстандык мигранттар менен жолуккан видеосу тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0