Садыр Жапаров жер титирөөгө байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүПрезиденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.

БИШКЕК, 31-окт. – Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоганга Измир аймагындагы жер титирөөдөн кийин адамдардын курмандыктары жана ири кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты.

“Суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

Измирде уранды алдында калган төрт киши бир суткадан кийин тирүү табылды

Эске салсак, кечээ, 30-октябрда, Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0