Ысык-Көлгө өкмөттүн жаңы өкүлү дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековВизит президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в КР
Визит президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңыдан кызматка дайындалган Жантаев буга чейин Ысык-Көл облусунун башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп Элчибек Жантаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон. Аны борбордук аппараттын жамаатына вице-премьер Максат Мамытканов тааныштырды.  

Жантаев буга чейин Ысык-Көл облусунун башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды

Өкмөттүн облустагы өкүлү Балбак Түлөбаев 26-октябрда кызматын тапшырып, Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0