БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Конституциялык палатанын судьялар коллегиясы парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамы боюнча кайрылууну карай баштады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Аталган даттануу соттук өндүрүшкө алынып, ишти кароо боюнча даярдыктар жүрүп жатканы айтылат.
"Касымбеков Н.А., Усубалиев Т.Б. жана "Реформа" саясий партиясынын "Кыргыз Республикасынын президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө" КР конституциялык мыйзамын кабыл алуу" мыйзамдын жобосун текшерүү боюнча кайрылуусун өндүрүшкө алды", — деп айтылат маалыматта.
Парламенттик шайлоо 20-декабрда өтпөйт! Жогорку сот БШКнын чечимине чекит койду
Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайра өткөрүүнү 20-декабрга белгилеген. Анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени 1-июнга чейин токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ал документке президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров да кол койгон. Мындан улам жогоруда аталган тараптар Конституциялык палатага даттанган.
Ал ортодо БШК дагы парламенттик шайлоону белгиленген мөөнөттө өткөрүүгө аракет кылып соттошуп көрдү. Бирок эки инстанциядан тең утулуп калды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитет бүгүн, 22-январда, салтанаттын жаңы сценарийин иштеп чыкты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Комитеттин жыйынында ант берүү аземинин программасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген.
"Инаугурация күнү жолдор жабылып кортеж болбойт жана банкет уюштурулбайт. Инаугурацияга арналган баннерлер жолго илинбейт. Чыгымдар болушунча үнөмдөлөт. Буга чейин айтылган 10 миллион сомдун жарымынан көп бөлүгү кыскартылат", — дешти маалымат кызматынан.
Каражатты үнөмдөө максатында башка дагы иш-чаралар программадан алынганы айтылып, бирок алардын тизмеси ачыкталган жок.
Белгилей кетсек, буга чейин 28-январга белгиленген президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын пикирлерди билдирген.Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.