Нурбек Козубеков Улуттук энергохолдингге жетекчи болуп барды

© Фото / пресс-служба Нацэнергохолдинга КР"Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган Нурбек Козубеков
Улуттук энергетикалык холдинг ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган Нурбек Козубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жетекчи мурда "Түндүк электр" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Ага чейин жеке компанияны 24 жыл башкарган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Нурбек Козубеков "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул туурасында аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Мурдагы башчысы Айтмамат Назаров бүгүн башка кызматка которулганына байланыштуу иштен кетүү боюнча арыз жазган.

Козубековду энергетикалык холдингдин жамаатына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев келип тааныштырган.

Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды

Нурбек Козубеков 2015-2016-жылдары "Түндүк электр" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Ага чейин 24 жыл бою "Акмарал ЛТД" компаниясынын башкы директору болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0