Садыр Жапаров кымбат кийимдерди ага ким сатып бергенин айтты

Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда президенттин милдетин аткаруучунун кийген кийими бир канча доллар турары айтылып, көп талкууга жем таштаган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Region телеканалына маек берип жатып, өзү кийген кымбат баадагы кийимдер тууралуу суроолорго жооп берди.

Жапаровдун кийген кийими социалдык тармактарда айтылгандай чынында эле өтө кымбат турарын, аны президенттин милдетин аткаруучу кантип кийип калганын журналист сураган.

"Мен өзү кийим тандабайм. Эң башкысы, мага чак келсе болду. Кийимди жубайым сатып келет. Сүрөтүмдү коюп, аткарылган иштер тууралуу социалдык тармактан маалымат тараткам. Көрсө, анда кийген кийимим кызуу талкууга алыныптыр. Кийимдерди досторум, туугандарым белекке беришти. Баасын сурабайм, канча турарын азыр да билбейм. Мен ал белектерден баш тарта албадым. Маселен, досум Камчы (ред. — Камчыбек Ташиев) мага сырт кийим белек кылды, баасын сураган жокмун. Эртең кийип чыксам, аны да сындашы мүмкүн. Москва, Санкт-Петербург жана Казань шаарларындагы мекендештер каражат чогултушуп, мага кийим-кечек берип жиберишкен. Бир туугандарым жана досторум ар кыл кийимдерди кийгизишти. Мен элдей эле кийинем", — деген Жапаров.

Эске сала кетсек, буга чейин социалдык тармактарда президенттин милдетин аткаруучунун кийген сырт кийими бир канча доллар турары айтылып, көп талкууга жем таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0