Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Талант Мамытов

Жогорку Кеңешке жаңы төрага шайланды

360
(жаңыланган 15:20 04.11.2020)
Дастан Жумабеков спикерликтен кеткен соң анын ордуна дайындалган Канатбек Исаев бүгүнкү жыйын учурунда төрагалыктан кетерин айткан.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды. 100 депутат "макул" деп добуш берсе, бирөө каршы чыкты.

Эске салсак, буга чейинки спикер Канатбек Исаев президенттик шайлоого аттанарын айтып, кызматынан баш тарткан.

Бүгүн, 4-ноябрда, "Ала-Арча" резиденциясына Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулду. Анда бир нече мыйзам долбоору каралмакчы.

360
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди жана вице-премьер Максат Мамыткановду кабыл алды

Ак үйдө чек ара маселелери жана президенттик шайлоого даярдыктар талкууланды

117
(жаңыланган 12:30 28.11.2020)
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мамлекеттик органдар шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо керектигин айтты.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевди жана вице-премьер Максат Мамыткановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда кошуна мамлекеттер менен чек ара жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана шайлоо алдында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чаралары талкууланды.

Рыскелди Мусаев республиканын чек ара аймактарында жүргүзүлүп жаткан иштер жана Чек ара кызматын УКМКнын курамына кошуу иш-чаралары боюнча маалымат берип, коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин чечүү иштери улантылып жатканын билдирди.

Рыскелди Мусаев шайлоо алдында укук коргоо органдарына коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

Вице-премьер Максат Мамытканов өлкө президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу боюнча Республикалык штабдын учурдагы жасап жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.

Ал өлкө аймактарында бир катар көчмө жыйындар өткөрүлгөнүн, жыйынтыгында жергиликтүү бийликтерге жана ишке тартылган мамлекеттик органдарга шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча тапшырмалар берилгенин билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоону уюштуруу, шайлоо учурунда коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү аракеттерин алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана мерчемделген бардык иш-чараларды өз убагында жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Талант Мамытов мамлекеттик органдар шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыздап, шайлоо мыйзамдары бузулган учурларга өз убагында чара көрүү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле жумушчу жыйындын жүрүшүндө ишкерлерди жана чет элдик инвесторлорду, жарандарды жумуш орундары менен камсыздаган ири ишканаларды коргоо маселелери көтөрүлдү.

Бизнес-коомчулугу жана инвесторлор менен өз ара байланышты күчөтүп, укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерден аларды коргоо жана деструктивдүү элементтердин кысым көрсөтүүлөрүнө жол бербөө зарылдыгы белгиленди.

117
Белгилер:
чек ара, шайлоо, Талант Мамытов
Тема боюнча
Талант Мамытов Улуттук энергохолдингдин жетекчисин кабыл алды
Президенттин ЖКдагы өкүлү Дыйканбаев иштен алынып, ордуна Калматов дайындалды
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

Жогорку Кеңеш 11,6 миллион сомго техника сатып алууну көздөп жатат

90
(жаңыланган 12:48 28.11.2020)
Тендердеги маалыматка караганда, Жогорку Кеңеш 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алууну пландоодо.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш жаңы ноутбуктарды жана жыйындар залына керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн 11,6 миллион сомго тендер жарыялады. Бул маалыматты парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова тастыктады.

"5-6-октябрь күнкү окуяларда Жогорку Кеңештин имаратындагы бардык техника, жабдуулар талкаланган. Алып кеткендер дагы болгон. Жыйындар залында депутаттардын алдында турган ноутбуктар, түз эфирди камсыздоочу мониторлор, серверлер жок кылынган. Ошонун баарын кайрадан алуу үчүн тендер жарыяланып, мамлекеттик сатып алуулар порталына илинди", — деди Куралбекова.

Тендердеги маалыматка караганда, Жогорку Кеңеш 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алууну пландап жатат.

Эске салсак, быйылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Айрымдары Жогорку Кеңештин имаратына кирип, талкалап, бир топ зыянга учураткан.

90
Белгилер:
ноутбук, тендер, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема боюнча
Орозбаев: Жогорку Кеңеш экинчи функциясын жакшы аткара албай келет
Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти

Бишкектин четинде эл ташыган маршрутка оодарылып калды. Видео

0
(жаңыланган 16:34 28.11.2020)
Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. Милициянын атайын тобу жеринде иштеп жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылында эл ташыган маршрутка оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек милициясынан билдиришти.

Жол кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан микроавтобус саат 11:00дөр чамасында оодарылып кеткенин, ичинен адамдар чыгарылып жатканын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымында, жол тайгак болгондуктан айдоочу рулду башкара албай калган.

Милиция болсо азырынча так маалымат жок экенин, атайын топ жеринде иштеп жатканын кабарлады. Жабыркагандар бар, бирок алардын саны канча экени белгисиз болууда. 

Тез жардам кызматы жерине унаа жиберилгенин, бирок жарандар ооруканага баруудан баш тарткандыктан кайра артка кайтканын маалымдады.

0
Белгилер:
милиция, маршрутка, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Талкаланып кеткен... Бишкек – Ош жолунда унаа кырсыгынан алты адам жабыркады