Талант Мамытов мурдагы спикерлерге рахмат айтып, чепкен кийгизди. Сүрөт

© Sputnik / Эламан КарымшаковТалант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийин мурдагы спикерлерге ыраазылык билдирип, чепкен кийгизди
Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийин мурдагы спикерлерге ыраазылык билдирип, чепкен кийгизди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-спикер жаңы шайланган төраганын аягына чейин иштеп беришин каалап, "төртүнчү чапанды өзүңүз кийип калбаңыз" деп кайрылды.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийин мурдагы спикерлерге ыраазылык билдирип, чепкен кийгизди.

© Sputnik / Эламан КарымшаковТалант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийин мурдагы спикерлерге ыраазылык билдирип, чепкен кийгизди
Талант Мамытов мурдагы спикерлерге рахмат айтып, чепкен кийгизди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайлангандан кийин мурдагы спикерлерге ыраазылык билдирип, чепкен кийгизди

Ал кыргыздын салтын улай турганын айтып, бүгүн кызматтан кеткен Канат Исаевге чепкен, калпак кийгизди. Андан соң Дастан Жумабековду чакырып, ага да чепкен жапты. Мамытов үчүнчү кийит бир жума төрага болуп иштеген Мыктыбек Абдылдаевге даярдалганын белгиледи. Бирок ал бүгүнкү жыйынга келген эмес.

Андан соң вице-спикер Мирлан Бакиров жаңы шайланган төрага Мамытовдун VI чакырылыштын аягына чейин иштеп беришин каалап, "төртүнчү чапанды өзүңүз кийип калбаңыз" деп кайрылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0