RT: АКШ Кыргызстандын бийлигине консультация берчү адис издеп жатат

© AFP / PAUL J. RICHARDS АКШнын Мамлекеттик департаментинин имараты. Архив
АКШнын Мамлекеттик департаментинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Консультанттын милдети кыргыз өкмөтүнө укук коргоо ишмердүүлүгү жана сот адилеттүүлүгү тармактарындагы реформаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу, уюштуруу, алдыга жылдыруу маселелери боюнча кеңеш берүү.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандын бийлигине реформа жүргүзүүгө кол кабыш кылуу үчүн адис издеп жатат. Бул тууралуу тиешелүү документке шилтеме берип RT жазды.

Адис АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде улук консультант кызматын аркалайт. Анын милдети — кыргыз өкмөтүнө укук коргоо ишмердүүлүгү жана сот адилеттүүлүгү тармактарындагы реформаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу, уюштуруу, алдыга жылдыруу маселелери боюнча консультация берүү.

Ал иштеп жаткан учурда АКШ жана Кыргызстандын бир катар бийлик органдары менен тыгыз байланышта болору күтүлүп жатат. Кыргыз тараптан Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Юстиция министрлиги иштешет.

Өкмөт башчы алгач кайсы органдардагы чиновниктер кыскартыларын айтты

Мамлекеттик департамент косультант болууну каалагандарга бир катар талаптарды койгон. Мисалы, АКШнын жараны, жогорку юридикалык билими жана иш тажрыйбасы болушу керек. Мындан тышкары, буга чейин мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттерде иштеп келген болушу шарт.

Эске салсак, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мамлекетте реформаларды өткөрөрүн айтууда. Анын ичинде люстрация дагы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0