Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы менен сүйлөштү. Эмне талкууланды

175
(жаңыланган 22:33 05.11.2020)
Алгач казак тарап Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан элине туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мамин Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди, Кыргызстан элине туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаган. 

Өкмөт башчылар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана мурдагы макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулаган.

Жардам суралды. Руслан Казакбаев Казакстандын премьер-министри менен жолукту

Жапаров Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана коңшулаш мамиленин чыңдалышына ишенимин билдирген.

Коңшу өлкөнүн өкмөтүнүн сайтындагы жазылган маалымат боюнча, тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана суу-энергетикалык тармактардагы кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулаган.

Ошондой эле ЕАЭБ жана КМШ алкагындагы өз ара кызматташуу маселелери жана коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү жолдору каралды.

175
Белгилер:
кызматташтык, сүйлөшүүлөр, өкмөт башчы, Аскар Мамин, Садыр Жапаров, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров: Ташиев Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү жоопкерчилигин алды
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев. Архив

Бөрүбашев: парламентаризмди тандаган күндө да Конституцияны өзгөртүү керек

7
(жаңыланган 16:44 04.12.2020)
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары 10-январда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун карашкан.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Эгер референдумда жарандар парламенттик башкаруу формасына добуш бере турган болсо, азыркы Конституцияны баары бир жаңыртуу керек. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Эл 10-январда "бизге парламенттик башкаруу керек" деген күндө дагы азыркы Конституцияны жаңыртуу зарыл. Бул Баш мыйзамдын көп кемчиликтери бар. Ал кемчиликтерди парламенттик башкаруу формасын колдоп жаткандар да, биз дагы билебиз. Башкаруу формасы боюнча маселе Конституцияда бир нече маселелердин бири гана", — деди Бөрүбашев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары 10-январда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун карашкан.

Маалым болгондой, аталган мыйзам долбоорунун автору — Акылбек Жапаров. Эгер ал кабыл алынса, анда кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкарууну тандашат.

Мыйзам долбооруна добуш берүү азырынча боло элек.

7
Белгилер:
президент, парламент, башкаруу, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
"Атаңа, энеңе бар" кылбайлы. Депутат Ормонов референдумду тездетүүгө чакырды
ЖК юристи: референдум өтпөсө депутаттар мөөнөтүн дагы 6 айга узартып алса болот
Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов. Архивдик сүрөт

Өзгөндүн мурдагы акими Оштун мэри Сарыбашовго кеңешчи болду

83
(жаңыланган 14:47 04.12.2020)
Осмоналиев 2017-2018-жылдар аралыгында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун акими болуп эмгектенген.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Олжобай Осмоналиев Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка калаа мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Осмоналиев 2017-2018-жылдары Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун акими болуп иштегени маалым.

83
Белгилер:
мэр, Ош, кеңешчи, дайындоо
Тема боюнча
Дастан Дүйшекеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө жетекчи болду
Бишкек мэринин орун басары алмашты