Жапаров КМШ өкмөт башчыларынын жыйынына катышып, өлкөдөгү абалды айтып берди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Садыр Жапаров
Премьер-министр Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр өкмөттүн курамы жана структурасы КР Конституциясынын нормаларына ылайык бекитилгенин айткан.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Садыр Жапаров Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда Жапаров учурда коомдук-саясий кырдаал турукташканын, саясий процесстер укуктук талаага кайтканын белгилеген. Ал эми өкмөттүн курамы жана түзүмү КР Конституциясынын нормаларына ылайык бекитилгенин айтып, буга чейинки түзүлгөн келишимдерди, милдеттенмелерди толугу менен мойнуна ала турганын билдирген.

Ошондой эле учурда өкмөт өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды калыбына келтирүүгө жана коронавирустун экинчи толкунунун жайылышын алдын алууга бар күчүн жумшап жатат деп маалымдаган.

Садыр Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы менен сүйлөштү. Эмне талкууланды

"Биздин бир максаттуу багыттагы иштер байланыштарды бекемдөөгө жана эки тарапка ыңгайлуу өнөктөштүк процесстерди алдыга жылдырууга түрткү болоруна ишенем", — деп сөзүн жыйынтыктаган Жапаров.

Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы менен радиоактивдүү материалдарды ташуу жаатында, КМШ өлкөлөрүнүн санариптик коомду өнүктүрүү багытындагы кызматташуулар боюнча бир катар документтерге кол коюлган.

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кийинки жыйыны 2021-жылы 28-майда Минск шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0