Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров. Архив

Тарыхый эс тутум бизди маңкуртчулуктан сактайт. Садыр Жапаров элге кайрылды

310
(жаңыланган 10:54 07.11.2020)
Жапаров бүгүнкү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү артты кылчайып карап, алдыга карай ой жүгүртүп, ата-бабаларыбыздын рухуна таазим этүү — ыйык милдет экенин кошумчалаган.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров тарыхты билүү азыркыны аныктап, келечекке жол ачарын белгилеген.

"Тарыхы болбой, эл болбойт" деп кеменгер элибиз илгертен даана, так айтып келген. Тарыхый ачылыштар Евразия континентинде, анын ичинде Борбордук Азияда кыргыздар уюткулуу эл болгондугун тастыктады. Биз өз тарыхыбыз менен сыймыктанабыз. Анын тагдыр чечүүчү сыноолорунан өтүп, эл катары сакталып, эгемен мамлекетке ээ болуу бардык эле элге буйруган жок. Кыргыз мамлекетин түзүү жана сактоо жөнүндө улуу максат элибиздин үч миң жылдан ашкан тарыхындагы эң негизги баалуулук болду", — деген президенттин милдетин аткаруучу.

Мамлекеттүүлүк, эркиндик, көз карандысыздык, элди, жерди, мекенди сүйүү идеялары кыргыз рухунун туу чокусу болгон "Манас" эпосунун негизги өзөгүн түзгөнүн белгилеген.

Садыр Жапаров: Исхак Раззаковдун жолун жолдоп таза иштеп берейин деп келдим

Садыр Жапаров ХХ кылымда кыргыз эли чоң сыноолорду башынан кечиргенин айткан. 1916-жылдагы каргашалуу окуялар, 1930-жылдардагы саясий репрессиялар оор жоготууларга алып келген. Ошол эле учурда СССРдин курамында мамлекеттүүлүк түптөлгөн. Эгемендүүлүктүн жылдарында да өлкө татаал тарыхый окуяларды башынан кечиргенин белгилеген.

"Бүгүнкү күндө тарыхыбыз дагы терең изилдөөлөрдү талап кылат. Окумуштуу илимпоздорубузга чоң тарыхый милдет жүктөлгөн. Келечек муундар тарых китептерибизден биз ким элек, ким болдук, ким болобуз деген суроолорго так жооп алуусу абзел. Бул бизди дүйнөлүк аренада эл катары орун ээлеп, өнүгүүбүзгө өбөлгө жаратат. Тарыхый эс тутум бизди маңкуртчулуктан сактайт", — деген өлкө башчынын милдетин аткаруучу.

Жапаров бүгүнкү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү артты кылчайып карап, алдыга карай ой жүгүртүп, ата-бабаларыбыздын рухуна таазим этүү — ыйык милдет экенин кошумчалаган.

310
Белгилер:
эл, кайрылуу, Садыр Жапаров, тарых, Кыргызстан
Тема боюнча
Садыр Жапаров негизги максаты жана өлкөнү өзгөртүү планы боюнча айтып берди. Видео
Корабли НАТО, вошедшие в Черное море для учений

НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?

51
(жаңыланган 11:55 04.12.2020)
Жо Байдендин Ак үйгө көчүп келишин утурлай түндүк атлантикалык альянс реформа баштап туру. Жакында эле аяктаган саммитте тышкы иштер министрлери аталган уюмга негиз салуучу принциптерин кайра карап, иш багытын (тартибин) кайтадан түзүп чыгышты.

Эң башкы көйгөйлөрү мурдагыдай эле Россия жана Кытай бойдон калды. НАТО "россиялык коркунучту" кантип ооздуктай турганын РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Галия Ибрагимова териштирген.

НАТОну кризиске ыңгайлаштыруу

Аталган альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг мүчө-өлкөлөрдүн тышкы саясий мекемелеринин башчылары менен видеожыйынга өзгөчө кылдаттык менен даярданган. Министрлер деңгээлиндеги жолугушуу — келерки жыл башына пландалган саммиттин алдындагы соңку чогулуш. Күн тартибин алдын ала иштеп чыгуу жана топтолгон маселелерди талкуулоо, демек, катышуучулардын ойго келбеген аракеттеринен сактануу аракети. Себеби буга чейин да ушундай учурлар болгон эмеспи. Мисалы, былтыркы жолугушуунун алдында Эммануэль Макрон "НАТОнун мээси кыйраган" деп билдирген. Бул талкуулоого түс берип, пландардын баарын аралаштырып салган. Альянстын мүчөлөрү Франция лидерине жана өз ара блоктун ичинде баары жайында экенин далилдөөгө биринен бири озунуп ашыккан.

Трансатлантикалык шериктештикке шек менен карагандардын сап башында Дональд Трамп болуп келген. Россия, Кытай жана Иранды ооздуктоодо альянстын мааниси жөнүндөгү дооматтарга жооп катары АКШ президенти адегенде коргоо боюнча взносту жогорулатууну талап кылган. Тышкы коркунучтарга каршы күрөш негизинен Американын аскердик дараметинин эсебинен болушун ыксыз көрүнүш катары баалаган.

Алдыдагы саммитте АКШнын атынан Жо Байден катышат. НАТОнун башкы катчысы альянстын мурдагы "нормалдуулугуна" кайтарына үмүттөнөт. Бул менен Столтенберг америкалыктар блоктун мүчөлөрү менен аскердик-саясий союздаштыктын маанисин тастыктайт деп болжойт.

Ынанымдуулук үчүн башкы катчы саммиттин алдында талдоочуларга кайрылып, уюмдун ичиндеги көйгөйлөрдү иштеп чыгып, аларды чечүүнүн ыкмаларын сунуштап, жакынкы он жылга милдеттерди белгилөөнү өтүнгөн. Изилденген эмгекти докладга "НАТО-2030" деген аталыш менен камтышкан.

ТИМ башчылары эксперттик эсептөөлөрдү изилдөө жана аларды түзөтүүгө киришти. Жолугушуунун бардык катышуучулары, анын ичинде Франция альянстын "мээси кыйрабай турганын" моюнга алышты, бирок реформа ашыкча болбойт.

"Эл аралык жаңы жагдайга карата коргонуу союзун ыңгайлаштыруу чоң мааниге ээ. Кризистик кырдаалдарда негизги принциптерди бузуу менен коштолсо да, НАТО ыкчам жана биргеликте аракет этүүгө тийиш", — деп айтылат документте.

Докладдын авторлору, эң башкысы, вето укугун карап чыгууну сунуштайт. Аны азыр НАТОнун бардык мүчөлөрү бирдей пайдаланып келет. "Эгер бирдиктүү добуш берүү чектелсе, анда альянстын ичиндеги чыңалуу азаят", — деп боолголойт изилдөөчүлөр. Министрлердин баары тегиз алардын бүтүмдөрүнө макул эмес, бирок демилгелерди новатордук деп табышты.

Кайрадан "Москванын колун" издөө

Анткен менен бардык катышуучулардын сырткы коркунучтар боюнча көз караштары бир: трансатлантикалык коопсуздуктун олуттуу коркунучу Россия жана Кытай бойдон калды.

"Москва өзөктүк арсеналын заманбапташтырып, Ыраакы Түндүктөн Сирия менен Ливияга чейин жаңы ракеталарды жайгаштырат. Россиянын катышы Беларусь жана Тоолуу Карабахтагы каатчылыктын натыйжасында дагы күч алды", — деп сүйлөндү Столтенберг.

"Кремль мурдагы советтик республикаларга үстөмдүк кылууга умтулуп, алардын суверенитетин бузат. НАТОнун качан болбосун агрессивдүү Россия менен атаандаштыкка кайткан жаңы чөйрөгө ыңгайлашканы маанилүү", — деп туурашат башкы катчыны докладдын авторлору.

"Россиялык кооптуулукту нейтралдаштыруу" боюнча иш жүрүүдө. Столтенберг НАТОнун Грузия жана Украина менен кызматташуу тажрыйбасын буга тастыктоо катары келтирди. Азыр бул эки мамлекет тең – альянстын кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү бар өнөктөштөрү. Бул Батыштын технологиялары жана чалгындоочу маалыматтарына жол ачар, бирок блоктогу толук кандуу мүчөлүккө караандатпайт.

Россияны ооздуктоо үчүн альянс Кара деңиздеги ордун кеңейтүүгө ниеткер. Бул – "Крымда Россиянын аскердик катышын күчтөндүрүшүнө" жооп. Чоо-жайы азырынча ачык айтылбайт.

Россиялык аткаминерлер буга мындайча жооп кайтарды. "НАТОнун аракеттери, анын ичинде Кара деңиз аймагындагы кадамдары ЕККУнун маани-принцибин талкалайт. Коопсуздуктун бөлүнбөстүк принцибине жатпайт", — деп билдирди Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев.

Кара деңиз артыкчылыктары

"НАТОнун негизги маселеси — АКШ президентинин алмашуусуна даярдануу. Блоктогулар Байден чыңдоого жана Трамптын тушунда пайда болгон көйгөйлөрдүн жоюлушуна жардамдашат деп үмүттөнүшөт. Бирок Американын жаңы лидери өзүнөн мурдагы президенттин мурастарынын баарынан баш тарта коеру арсар. Альянстын бардык катышуучулары ИДПнын эки пайызын блоктун коргоо жаатына салууга тийиш деген демилгени улантары да шексиз", — деп боолголойт Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин башкы директору Андрей Кортунов.

Саясат таануучу Байдендин келиши НАТО менен Россиянын чыңалган мамилесин өзгөртпөйт деп эсептейт. Бирок Москванын эл аралык көйгөйлөрдүн кеңири айлампасына катышуусун эске алганда альянс диалогду, куру дегенде аскердик деңгээлдегилерин көз жаздымда калтыра албайт.

НАТОнун күн тартибиндеги Кара деңиз көйгөйүн Кортунов Закавказьедеги Россиянын күч алып бараткан Россиянын таасири менен түшүндүрөт: "Тоолуу Карабахтагы согуш жана россиялык тынчтык орнотуучулардын киргизилиши да альянстын көңүл тышында калбады. НАТО өз кызыкчылыктарынын аймагы деп санаган Кара деңизден анчалык ыраак эмес бул территориялар. Ал жакта Москванын ордунун бекемделишин алар потенциалдуу коркунуч катары баалоодо. Кара деңиз аймагынын артыкчылыгы жөнүндөгү билдирүү да ушундан улам чыкты".

Бирок Россия — НАТО үчүн Кара деңиз акваториясындагы тобокелдиктин жалгыз фактору эместигин айтат серепчи.

"Алардын Кара деңиз аймагында ордун бекемдөө пландары Москвага гана тургай, Анкарага да багытталган, — деп боолголойт ал. — Блокко мүчөлүгүнө карабастан Түркиянын позициясы бир катар маселелерде жалпы пикирден айырмаланат. Режеп Тайип Эрдогандын Греция, Франция, ал түгүл Германия жана АКШ менен пикир келишпестиктери бар. Бирок НАТО Түркияны альянска кайтарууга кызыкдар. Дагы бир максаты — Түркия жана Россиянын мындан аркы жакындашуусун азайтуу".

НАТОнун Кара деңиз күн тартибине Украина да басым жасоону улантат. Ошону менен бирге эле альянс менен болгон мамиледе башкы тема Крымда Россиянын аскердик орун алышынын күчөшү болорун белгилейт серепчи.

"Жарым аралда жаңы объектилердин курлулушун Киев трансатлантикалык коопсуздукка кезектеги коркунуч катары көрсөтүүдө. Украина бийлиги Крымда россиялык аскердик тутумдардын жайгашуусун чоң көңүл бура турган көйгөй деген оюнан кайтпайт", — дейт Кортунов.

Кыялдарга кош айтып...

НАТОнун Кара деңиз аймагына көңүл бөлүшүн Тбилиси да кубаттайт. Мындай оюн Грузия Коомдук иштер университетинин профессору Торнике Шарашенидзе ортого салат. Муну ал Түштүк Осетияда россиялык аскерлердин жайгашышы менен түшүндүрөт.

"Грузия орто мөөнөттүү келечекте НАТОнун курамына кирүү кыялы менен эбак коштошкон. Бирок блок менен кызматташууну кеңейтүүгө тырышат", — деп белгилейт Шарашенидзе.

Тоолуу Карабахтагы согуш Закавказьеде Россиянын ордун бекемдеп койгонун моюнга алат. "Армениянын союздашы бар, ал — Россия. Азербайжандыкы Түркия. Бул мамлекеттер арасында иш жүзүндө аскердик альянс түзүлүп калды. Грузиянын андай союздашы жок, тек гана НАТОго таяна алат", - деп кошумчалайт окумуштуу.

Мындай кептерге карабай Грузия да, Кара деңиз аймагы да жалпысынан артыкчылыктуу көйгөй эместигин айтат серепчи. НАТОчулар үчүн ушул тапта Байден менен тил табышуу негизги маселе болуп турат. Келерки жылдын башындагы саммит буга алгачкы сыноо болмокчу.

51
Белгилер:
Аскер, Кара деңиз, коопсуздук, Крым, Россия, альянс, НАТО
Тема боюнча
Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды
"От менен ойногондой". НАТО эмнеге Россиянын чек арасында машыгат?
Мэрдин жаңы орун басары Азамат Сагындык уулу. Архивдик сүрөт

Бишкек мэринин орун басары алмашты

58
(жаңыланган 11:45 04.12.2020)
Мэрдин жаңы орун басары Азамат Сагындык уулу буга чейин мэриянын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгын жетектеп келген.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкек мэринин жер, архитектура жана курулуш маселелери боюнча орун басары алмашты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мурда бул кызматты аркалаган Уланбек Азыгалиев өз арызынын негизинде жумуштан бошотулуп, анын ордуна Азамат Сагындык уулу дайындалды.

Бул тууралуу буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Азамат Сагындык уулу буга чейин мэриянын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгын жетектеп келген.

58
Белгилер:
дайындоо, кызмат, орун басар, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Дастан Дүйшекеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө жетекчи болду
Задержанный в наручниках. Архивное фото

Кайгуул милициясы: "Асанбай" паркында жардыруу жасады деген киши кармалды

0
(жаңыланган 13:27 04.12.2020)
Маалымат түшкөндөн кийин Кайгуул милициясы сейил бакка барганда чындыгында эле белгисиз бирөөлөрдүн жардыруу уюштурганы аныкталган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы "Асанбай" паркында жардыруу уюштурду деген шектүү кармалды. Бул туурасында Кайгуул милициясынын башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Взрыв
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Взрыв
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Взрыв
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
1 / 3
© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
Взрыв

Алгач милицияга 2-ноябрда борбор калаадагы "Асанбай" сейил багына белгисиз бирөөлөр жардыргыч зат ыргытып жиберди деген маалымат келип түшкөн. Кайгуул милициясы ал жерге барганда чындыгында эле бирөөлөр жардыруу уюштурганы аныкталган.

Бул иш боюнча милиция издөө иштерин жүргүзүп, 31 жаштагы жаран кармалып, андан ары териштирүү үчүн Октябрь райондук милициясына жеткирилген. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган ведомстводон учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканы айтылды.

0