Путин Кыргызстандын ички иштерине сырттан кийлигишүүлөргө каршы экенин билдирди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Путиндин айтымында, ЖККУга кирген кайсы бир мамлекеттин ички иштерине башкалардын кийлигишүүсү жалпы биримдик үчүн кооптуулук жаратат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Беларусь, Кыргызстан жана Молдова өздөрүнүн ички иштерин өздөрү чечиши керек. Мындай пикирин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешмесинде Россия президенти Владимир Путин билдирди.

Анын айтымында, ЖККУга кирген кайсы бир мамлекеттин ички иштерине башкалардын кийлигишүүсү жалпы биримдик үчүн кооптуулук жаратат.

“Кеп суверенитетке шек келтирүү, коомду бөлүп-жаруу, мамлекеттик өнүгүү векторун өзгөртүүгө жана кылымдар бою түзүлгөн байланыштарды үзүп салууга болгон аракеттер тууралуу болуп жатат. Тышкы күчтөр тараптан мындай басмырлоого президенттик шайлоодон кийин Беларусь туш болду”, — деди Путин.

Россиялык тынчтыкты орнотуучу күчтөр Карабахка учуп кетишти. Видео

Ал беларус элине бир дагы сырткы күч өз пикирин таңуулабашы керек деген пикирде экенин айтты.

"Беларустарга өз маселесин өзү чечип алууга шарт түзүү керек. Ушул эле нерсе жакында эле элдик толкундоого туш болгон Кыргызстан менен Молдовага дагы тиешелүү”, — деди РФ президенти.
Эске салсак, бүгүнкү ЖККУ саммитине Кыргызстандын атынан президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0