Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ШКУга Россия төрагалык кылып турган мезгилде өкмөт, ведомство, парламент жана бизнес өкүлдөрү катышкан 60тан ашуун иш-чара болгон.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бүгүнкү жыйын учурунда бир топ маанилүү документтерге кол коюлат. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешмесинде Россия президенти Владимир Путин билдирди.

Анын айтымында, ШКУга Россия төрагалык кылып турган мезгилде өкмөт, ведомство, парламент жана бизнес өкүлдөрү катышкан 60тан ашуун иш-чара өттү. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айрым жолугушуулар онлайн-режимде болду, бирок кызматташуунун сапаты жоголгон жок.

Россиялык тынчтыкты орнотуучу күчтөр Карабахка учуп кетишти. Видео

"Бүгүнкү жыйын учурунда саясий, экономика жана гуманитардык тармактар боюнча бир катар маанилүү документтерге кол коюлат", — деди Россиянын президенти.

Анын айтымында, ШКУ мамлекеттеринин ортосунда тышкы саясат жана аскердик жааттарда кызматташуу бир топ активдешти.

"Муну жакшы башталыш катары кабыл алып, мындан ары дагы кеңири форматта жолугушуулар көбүрөөк болот деп ишенели", — деди Путин.

Ошондой эле ал мындай жолугушуулар күч ведомстволорунун деңгээлинде координациянын сапатын жогорулатып, жалпы Евразиянын алкагындагы коопсуздукту мониторинг кылып турууга жардам берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0