Россиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда. Архив

Садыр Жапаров Путинден телефон аркылуу сүйлөшүүнү өтүндү

282
(жаңыланган 17:34 10.11.2020)
Садыр Жапаров Россияга жана жеке Путинге коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путинге телефон аркылуу сүйлөшүү өтүнүчүн ШКУ саммити учурунда айтты.

Эске салсак, алар бүгүн видеоконференция режиминде өтүп жаткан ШКУ саммитине катышууда.

Жапаров Россияга жана жеке Путинге коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Кыргызстан евразиялык интеграция боюнча ар дайым Россиянын туруктуу өнөктөшү бойдон калат. Биз мамлекеттер аралык байланышыбызды бекемдөөгө алган багытыбыз боюнча иштей бермекчибиз. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташуулар боюнча маанилүү суроолорубуз бар. Аларды телефон аркылуу талкуулап алуу өтүнүчүмдү билдирем", — деди Жапаров.

Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат

Эске салсак, видеоконференция режиминде өтүп жаткан кеңешмеде эл аралык жана аймактык маанилүү маселелер тууралуу сөз болууда.

282
Белгилер:
ШКУ, Владимир Путин, Садыр Жапаров, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин Кыргызстандын ички иштерине сырттан кийлигишүүлөргө каршы экенин билдирди
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө. Архив

Күрөө тапшырып, 30 миңден ашуун кол чогулткан талапкерлер. Тизме

55
(жаңыланган 00:40 04.12.2020)
Шайлоо күрөөсү менен кол чогултулган кагаздарды тапшыруу мөөнөтү аяктады. БШК текшере турган тизме анык болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

  • Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
  • Адахан Мадумаров — 39 856;
  • Аймен Касенов — 46 270;
  • Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
  • Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
  • Бабыржан Төлбаев — 58 029;
  • Бактыбек Калмаматов — 35 300;
  • Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
  • Имамидин Ташов (саны белгисиз);
  • Канатбек Исаев (саны белгисиз);
  • Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
  • Клара Сооронкулова — 33 458;
  • Кубан Чороев — 39 053;
  • Курсан Асанов — 43 864;
  • Равшан Жээнбеков — 39 874;
  • Рашид Тагаев — 40 651;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
  • Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
  • Эльдар Абакиров — 43 630.

Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.

Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.

55
Белгилер:
талапкер, БШК, күрөө, кол, тизме, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун видеоконференциясы

Министр Казакбаев АКШ элчиси менен сүйлөштү. Ортодо эмне кеп болду

33
(жаңыланган 23:43 03.12.2020)
Кыргызстандын тышкы иштер министри АКШ элчиси менен сүйлөштү. ТИМдин маалымат кызматы дипломаттар эмнелерди талкуулаганын айтып берди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун сүйлөшүүсүндө кыргыз тарап Америка элчилигинин өлкөдөгү окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанисин белгиледи. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун сүйлөшүүсүндө кыргыз тарап Америка элчилигинин өлкөдөгү окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанисин белгиледи
    Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун сүйлөшүүсүндө кыргыз тарап Америка элчилигинин өлкөдөгү окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанисин белгиледи
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Жолугушуу видео байланыш аркылуу өттү
    Жолугушуу видео байланыш аркылуу өттү
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен АКШнын элчиси Дональд Лунун сүйлөшүүсүндө кыргыз тарап Америка элчилигинин өлкөдөгү окуяларга байланыштуу билдирүүлөрүнүн маанисин белгиледи

Жолугушуу видеобайланыш аркылуу өттү.

Дипломаттар өз ара пикир алышып, экономикалык кызматташтык, эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коррупцияга каршы аракеттенүү, ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында кызматташуу маселелерине токтолду. Өлкөдө саясий системанын инклюзивдүүлүгүн андан ары өнүктүрүүгө, демократиялык институттарды жана мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган радикалдуу реформаларды жүргүзүү боюнча биргелешип аракеттенүү зарылдыгы тууралуу макулдашылды", — деп айтылат билдирмеде.

АКШ элчилиги Кыргызстандагы окуялар боюнча байма-бай комментарий берип турат. Жакында дипломатиялык өкүлчүлүк АКШ президенттикке талапкерлердин конституциялык реформа боюнча референдумду жазга же андан кийинкиге жылдыруу сунушун колдой тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан. Ошол эле учурда АКШ конституциялык реформа кандайча жүрүшү керектигин көрсөткөн.

33
Белгилер:
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, Дональд Лу, видеоконференция, жолугушуу, элчи, Руслан Казакбаев, ТИМ, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Казакбаев КРдеги кытайлык ишкерлер менен жолукту. Эмне талкууланды