Жактоочу: Атамбаев жакшы болуп калды, бирок дагы деле дарыланып жатат

© Фото / секретариат СДПКМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юристтин айтымында, мурдагы президенттин Кой-Таш окуясы боюнча эртеңки сот отурумуна катышар-катышпасы азырынча белгисиз. Баары ден соолугуна байланыштуу.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. №47 абакта жаза өтөп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу жакшы болуп калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Буга чейин Слесарев №1 СИЗОдо Атамбаев жер төлөдө жайгашкан камерада жатканын, канализация жок экенин жана жылытуу системасы саясатчы барар күнү араң кошулганын айтып даттанган эле. Анын айтымында, жактоочулар №47 абакка которууну суранышкан. СИЗОдогу шарттардын айынан Атамбаев ачкачылык жарыялап, кийин аны жактоочулар суранган абакка которушкан. Ошол маалда жактоочулар Атамбаев бронхит илдетине кабылганын билдиришкен.

"Соңку ирет 6-ноябрда көрүштүк, андан бери абалы жакшырып калыптыр. Бирок дагы деле дарыланып жатат. Алмазбек Шаршенович Кой-Таш окуясы боюнча эртеңки сот отурумуна катышабы-жокпу азырынча белгисиз. Баары ден соолугуна байланыштуу", — деди Слесарев.

Башкы прокуратура: Атамбаев, Шадиев сыяктуулар өлкөгө 13,6 млрд. сом зыян келтирген

Мурдагы президент кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Ал, мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.

Атамбаевди элдик толкундоодон кийин 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышкан. 10-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында кайра кармашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0